www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кинематография департаменти даректүү жана көркөм фильмдердин ачык көрсөтүүсүн даярдады. Ал 10-11-августта Москва кино үйүндө өтөт.
Маалым болгондой, биринчи күнү көрүүчүлөр өлкөнүн көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлерине жана кинорежиссёрлоруна арналган даректүү тасмаларды көрө алышат:
Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу жана драматургга арналган "Бексултан Жакиев";
Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмеринин 120 жылдыгына арналган "Жусуп Абдрахманов";
СССРдин эл артисти, кинорежиссёр, кыргыз кереметинин авторлорунун бири "Болотбек Шамшиев";
"Биринчи карлыгач", Кыргызстандын искусствого эмгек сиңирген ишмери, даректүү кинорежиссёр Лира Турусбековага арналган кино портрет;
“Кадрлар баарын чечет”, КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, фото режиссёру Кадыржан Кыдыралиевге арналган кино портрет;
Өлкөнүн улуттук анимациясынын калыптанышы жана өнүгүшү тууралуу "Кыргыз анимациясы - 40 жыл".
11-августта төмөнкү тасмаларды көрүүгө болот:
"Айыл өкмөтү" - Режиссёр Эрнест Абдыжапаров
"Көк бөрү" - Режиссёр Руслан Акун.
Эске сала кетсек, Кыргызстан 1991-жылы 31-августта көз каранды эмес, суверендүү жана демократиялык өлкө болуп жарыяланган.
Булак: NazarNews.kg