www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Апам 40 жашында неберелүү болуп, жоолукту алдына байланып кемпирлик касиетин баштаптыр. Азыр 40 жаштагыларды кыздар деп койобуз. Атам башкарма, директор болуп бир айылды чоюп турган кези. Башкарма, райкомдорго күрпөң козусун союп берер эле. Эсимде, алтымышынчы жылдардын аягында болсо керек Кекиликов Быкын деген башкармага күрпөң козусун союп күтүп жатса, ал жыйналыш өткөрүп кеч келет. Атам ал кечигип келгени үчүн катуу ачууланды. Кекиликов Быкын: «Байке кечирип коюңуз, жыйналыш болуп кечигип калдык» -деп актанып жатканын чала-була эстейм, ойлоп көрсөм ал кезде башкарма, раис деген бир айылдын ханы болчу да.
Атамдар туугандарынан алыс турушчу, Каройдон Кара-Сууга көчкөндө атам «Эл башы болгуча, суу башы бол» деп суунун башына орун алган экен. Атам сыртта жүргөндө кошуналары Керим, Болотбек байкелер туугандарын көздөй кетип, атам Рысбек байке менен суу башында калган экен. Кийин байкелер суусу жок жерге барыпбыз деп өкүнүп жүрүштү. Атамдар бардар адам болуп дайыма туугандарын чакырып турушкан. Жердин түбүнөн Бачай апа, Соке апалар араң келишип, «Өх» дешип, анан «Келдибектин балдарын өөп койолучу деп» биз «очретке» туруп, кемпирлердин балбыраган өбүүсүнө дуушар болчубуз. Эми ойлосом кайда ошол кемпирлердин өпкөндөрү! Биз ошол заманды, ошол кемпирлердин өпкөндөрү ыйык болоорун билген эмес экенбиз!
Мен эс тартканы апам мага улуу, касиеттүү адамдай сезилчү. Бейшеке деген таякем бар эле каза болуп апам кырк күн ошол жакта жүрдү. Келген соң да жашы тыйылган жок, ойлоп койом эмне алтымыштагы карган кишиге мынча ыйлайт деп, көрсө 60 жаштагы адамга ыйласа болот экен. Таенем кээде келип калчу, Дамир байке өтө ынак эле, ага «Манас» жана башка китептерди окуп берип, жанында чарк айланып жүрчү. Ал мектепке кеткенде таенемдин таягын тартып алып, жана башка дагы ызы-чуу кылып, таенемдин тынчын алчумун, эми төрт-бештеги кез, апам келгенде таенем ага даттанып, «уруп койчу» деп калчу. Апам мени кармамыш болуп, жетпей калчу. Мен дерделеңдеп апама жеткизбей кеттим деп калчумун. Көрсө апам мени кармамыш болгону экен. Бирдеме болуп ыйлаганда ыйлап-ыйлап, анан эмне деп ыйлаганымды унутуп калып, апама келип: «Эмне деп ыйлап аттым эле?» , айтса эстеп алып кайра ыйлачу экемин, «Жөн эле ыйлап атпайсыңбы» десе, апама мурдуму сүртүп чуркап кетчү экемин.
Ошол Бейшеке таякемдин эки аялы боло турган Рапүбү таенемди он эки жашында эле, тебетейге туруштук бергени үчүн алып бериптир. Он эки жашар кызга эмне апамдар менен ойноп жүрүп эле чоңойуптур. Рапүбү таене кээде келип «Жанагы маңка» кайда жүрөт дечү, биз аябай арданып, Рапүбү таене менен уруша да кетчүбүз, биздин апабызды эмнеге «маңка» деп айтат деп. Көрсө кайынсиңдисин эркелетип атканы экен. Токон таене баласы жок ар кимдин балдарын асырап алган экен. 1991-жылы Жумакадыр таяке каза болгондо, өтө алыс Дөң-Таш жакка көмүп келатабыз, мен рулда отурам, Сиезбек байке менен Султанбайдын баласы Ишенкул сүйлөшүп келатат. Сиезбек байке: «Мен бала кезде Бейшеке таякемдикине бардым уулу (багып алган) Тобокел аттардын жакшысын менчик кылып алган Бейшеке таякем Тобокелди атынан түшүрүп ордуна мени мингизип койгон. Көрсө, Тобокел алыс тууганы, мен өз жээни болот турбаймбы» дегени бар.
Апамдын бир жагын айталы, азыркыча «жумшоо» деп койот. Апамдын көп баласы болгон, эми жумуш түгөнбөйт, бирөө там салып жатат, дагы бирөө бирдеме кылып атат, «кичине жардам керек болуп атат» апама айтышат, апам: «балдар жардам берет да» деп койчу, «Уугум сага айтам, уулум сенук, керегем сага айтам, келиним сен ук» дегендей, шымааланып жөнөп калам. Атам айтып калчу биздин бир туугандар бардыгы «манап» колдорунан иш келбейт, келсе да жасагысы келбейт деп. Ошондуктанбы майда-чүйдө жумуштарды мен бүткөрөр элем. Айрыкча, Акылбек , Сиезбек байкелер, Бермет, Шербет эжекелер мени көргөндө маңдайы жарылганча сүйүнчү. Анткенин себеби бар, мен алардан жумуш да суроочу эмесмин, бирок ары-бери карап тиешелүү жерлердин барын жасап кетчүмүн.Бир жолу Шербет эжекем «кафель коюп берчи» деп калды. Кечинде бардым Алым жездем: «Эртең кечке жасаш керек» деп, ал күнү сыйын көрдүк. Эртең менен туалетке кирип, жездем оозун ачып келиптир, кафель эбакта бүткөн, мен 5-6 да ойгонуп, кафелди бүтүрүп салгам. Жездем ушунча ыраазы болгону эсте.
Андан тышкары Бурул эжекем Кочкордо жашаганда гаражын бүтүрүп бердим, Айнур эжекем Кочкордо жашаганда эки этаж тамына жардам бердим, Кербен, Майрамбектер менен кошо иштешип жүрдүм, аягында Замир байкемдин Панфилова 222 деги үйүн бүтүрүп, Жаныбектин тосмосун тосуп бердим. Ойлоп көрсөм чоң ишти Дамир байкеге, Айгүл эжекеге жана Жалынга жасабаптырмын. Мукан жезденин колу алтын менин «темир колдорумдун» эмне кереги бар. Жалын болсо Темирлан деген балам эжекемдикине бардым деп жүрөт. Мен апама окшоп сүйүнүп калам, бир туугандарына кол кабыш кылып жүрсө керек деп.
2020-жылдын 17-мартында жөпжөнөкөй эне бул дүйнөдөн оолактаган. Ал кыргыз салты менен коюлуп, аны коюшкан адамдар үй-үйлөрүнө жеткен соң, ааламдагы болуп жаткан пандемиядан улам Кыргызстан да карантинге жабылган.
Керегең чийдей болобу,
Кейиген көөнүм толобу.
Кеттиң жалган дүйнөдөн,
Келиниң сендей болобу?
Уугуң чийдей болобу,
Убайым көөнүм толобу.
Узадың апа дүйнөдөн,
Уулуң сендей болобу?
1977-жылдын 5-декабрында Данияр кызы Батманын көзү өткөндө кызы Күлүйпанын кошкон кошогунан. Жөнөкөй адамдын энесине кошкон кошогу. Кандай эпитет, кандай метафора, эне деген ким экенин бир сап ыры менен түшүндүрүп койгон. Эненин ордун ким толуктайт келиниби, уулубу же кызыбы? Бул айтылган сап көзү өткөн бардык энелер үчүн айтылгандай.
Чынжырлуу манаптын кызы Күлүйпанын ата-тегин жазып койолу. Өз атасы Султаке 1941-жылы согуш өртү жаңы башталганда уй ферма болуп туруп, Кара-Кужур жайлоосунда көзү өткөн. Анын атасы Нарынбай да жашыраак маалында элин аңчылык кылып багуучу экен, бир ирет аңчылыкка чыгып көчкү алдында калып мерт болот. Анын атасы Сатылган чоң аталаш бир тууганы Ормондун айтып кеткен керээзин аткарам деп аталаш туугандары Боталы, Ботбай жана Жумгалдан келип айылдаш болуп калган Чоткара менен Ормондун өлүмүнө себеп болгон Алыбек деген баатырды тирүүлөй атка өңөрүп чычкак улактай кылып алып келишет. Кетирекейдин Алыбеги Ормонго кол салганда Көк келте деген мылтыгы менен аткан экен. Ошондо Ормон өлөөр алдында Алыбекти кармагыла деп керээз айтып кеткен экен. Бул тууралуу Боталынын тукуму Турганбай ийне жибине чейин айта турган. Сатылгандын атасы Базаркул менен Боталынын атасы Назар бир тууган Каракыз энеден. Алардын атасы кыргыздын ханы болгон кадимки Эсенкул баатыр. Эсенкул апамдын бешинчи атасы кыргызды кыргыз кылган Эсенкул болгон. Эсенкул баатыр казактын Абылай ханы менен кытайлыктардын жолун тосуп, ошондо тоодон түшүп келаткан кумурскадай чубурган кытайлыктарды токтотуп калышкан экен. Эсенкулдун атасы Болот, ал беш баласын сынчыга сындатып, алардын колунан эч нерсе келбесин сынчы айтып Таалакени алып берген ошондон Эсенкул төрөлүп “Баш койкоң” атка конгон. Болоттун атасы Маматкулдун учурунда анын атасы Үчүке каза болгон соң калмак каптап, “Кыргыздар Кысарга сүрүлүп, казак кайың саап калган”. Апамдын айтымында жетинчи атасы Анжианда жүргөн Маматкул жамгырлуу күндө эл менен кошо кымыз уулап жүрсө, бир сарт: “Маматкул үка тебетейиңди силкип алсаң болбойбу?” –дейт. Ошондо Маматкул: “Силкий турган кез келет, силкийбиз!” –дейт. Силкий турган кез келип Маматкул калмактарды кырып, кыргызды өз мекенине алып келген.
Апамдын аталары Эсенкул баатыр, жүрөгүң түшөт атын укканда эле. Эсенкул баатыр кыргыз жерин сактап, мекенин алат, аңгыча шыбыш чыгат Кытай келатат деген. Эсенкул баатыр Абылай ханга киши чаптырып өзү кытайлыктарды көздөп чыгат. Калмактарды талкалаган кытайлыктар кыргызды киши катары көргөн эмес, канча убакты айта албайм, бир гана кыргыздар туруштук берген, ошол убакта жазгандарга караганда кытай кумурскадай жайнап түшүп атат дейт, кыргыз кырып атат дейт, Абылай хан келип калат, ошондо кытай чегинген экен. Бир тарых кийин Абылай хан кыргыздарды чаап алам деп, Эсенкулдан кордук көргөн. Эми артка кылсчалайлы Мунусу эле ушунча кылды, эми кол келди деп. Чегингени чын тарых бекемдейт, ойлосок Эсенкул баатырдын эрдиги менен кыргыздар сакталып калган. Ошол киши менин апамдын атасы болгон.
Апам көп балдарды тарбиялап өстүргөн. Бир жомок бар эле, ажыдардын башын кыйса ордуна көп баш өскөн. Апамды ага салыштырууга болбойт, бирок апамдын көзү өткөнү менен балдарын, небере-чөбүрөлөрүн, кыбыраларын эсептегенде жүздөгөн адамдарды артына калтырып кетти. Бир гана апам канчалаган адамды жарык дүйнөгө алып келди?
Биз фундамент куюп там салган жокпуз. Ата-энебиз мурун эле кадыр-баркы менен там салып коюшуптур, ошону гана сактап турабыз. Бала кезде бейбаш элем, атам да, апам да унчукчу эмес, убагы келсе түшүнөт дешсе керек. Бирок айыл-ападагы улуу адамдар: “Эй, сен кимдин баласысың, ошону биле жүр, сага бейбаштык жарашпайт” –деп айтып калышчу. Эми баш жетти. Бары бир адам болгондон кийин бул дүйнө да, аркы дүйнө да бар экен. Улам жаш өйдөлөгөн сайын апам менен удаалаш кеткен атам, Бермет, Шербет эжекелер, Сиезбек, Дамирбек байкелер эске түшөт. Эмне деген адамдар эле?
Көзү өтөөр алдында апама барсак: “Фарида, Гүлай силер чыга тургулачы, мен балам менен өзүмчө сүйлөшүп алайын” –деди. Бир чети чоочудум, дагы эмнени жазып ийдим деп. Журналист болгон соң көп эле нерсени жазасың, көпчүлүгү жактырбай апама айтып барышчу, апам болсо оор көтөрүмдүү эле: “Тим койгула жаза берсин, анын кесиби ошондой да” –деп койчу. Ошондо апам көп нерсени айтты, эсимде турат. Акыркы тирүү кезиндеги жолукканы, керээзи экен. Ошолордун ичинде: “Атаң экөөбүздүн айткандарын кагазга түшүрүп кой” –дегени бар. Чындыгы бар экен, эми алардай бизге ким өткөнүбүздү айтып берет? Билбей калган жерди алардан качан да болсо сурап алар элек, бардыгын ийне-жибине чейин айтып берише турган, эми сурай турган киши жок...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg