www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрдин куттуктоосунда төмөнкүлөр айтылат:

«Урматтуу айымдар!
Ардактуу апалар, эжелер, карындаштар, жеңелер!
Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен Энергетика министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан  чын дилимден куттуктайм.
Узак кыштын күндөрүнөн кийин жаздын башталышы менен жадырап кирип келген март майрамы жарк этип тийген күндөй, жаңы ачылган гүлдөй жашоого дем берет.
Кыргызстандын тарых барактарында эл үчүн кылган кызматы, кайраттуулугу, мээримдүүлүгү менен аты сакталган айымдарыбыз бар. Бүгүнкү күндө алардын учугун улап, кыргыздын желегин желбиретип, саясатта, маданиятта, спортто, медициана, энергетикада айтоор ар тармактан өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп, ийгилик жараткан кыздарыбыздын саны көп. 

Алардын катарын толуктаган менин кесиптештерим энергетик айымдардын коомдо орду толгус. Анткени мырзалардан кем калбай, күнү-түнү калкты жылуулук жана жарык менен камсыз кулуу үчүн, эл камын ойлоп, жумуштун ысык-суугуна, оордугуна карбай кызмат кылып келесиздер. Эл үчүн кылган кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө, үй-бүлөнүн сакталышына жана келечек муундарга адеп-ахлактык баалуулуктарын жайылтып, бала тарбиялоодо  сиздердин кошкон салымыңыздар баа жеткис.

Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн. Бул күнү ар бир аял затына ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жаркын жашоо каалайм. Ойлогон асыл ой-максатыңыздар ишке ашсын! Ар дайым жаз гүлүндөй жайнап, жашоого кооздук тартуулап жүрө бериңиздер.
 
Майрамыңыздар менен!»

Последние новости