www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыргызстандык айымдарды куттуктады. Анда мындай деп айтылат:

Урматтуу айымдар!

Ардактуу энелер жана эже-карындаштар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Байыртан бабаларыбыз аялзатын үйдүн куту, очок ээси катары кадырлап, алардын коомдогу ордун жогору баалашкан. Айрыкча биздин элде “Бейиш эненин таманында”, “Кыздын кырк чачы улуу” – делип, аялзатынын бийиктиги, аруулугу өзгөчө даңазаланган. Кыргыздын кыз-келиндери эркектер менен эриш-аркак элди алдыга сүрөп, эгемен мамлекетибизди түптөөгө да зор салымын кошушкан. Буга Жаңыл, Курманжан, Уркуя, Зууракан, Керимбүбү, Өлмөсхан, Күлүйпа, Батыш, Сакин, Жамал, Роза сындуу кажыбас кайраты, көрөгөчтүгү, даанышмандыгы жана эмгекчилдиги менен таанылган энелерибизди мисал кыла алабыз. Мына ушундай улуу энелерибиздин жолун улаган кыргыздын кыраан кыздары азыр да арбын.

Ардактуу мекендештер!

Өлкөбүз эгемендик алгандан бери кыргыздын кыз-келиндери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Айрыкча соңку жылдары аялзатын ар тараптан колдоо саясаты күч алды. Алсак, Президентибиз Садыр Нургожоевич жакында эле мамлекеттик башкаруу системасында гендердик квоталоо механизмин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, кадрдык резервде бир жыныстагы өкүлдөрдүн саны 70 пайыздан ашпоого тийиш.

Ал эми парламентибизде 30 округдан шайланган 30 айым депутатыбыз бар. Бул эл аралык коомчулук тарабынан да жогору бааланып, Бириккен Улуттар уюму парламенттеги аял депутаттардын саны боюнча Кыргызстан дүйнөдө лидер экендигин билдирди. Ошондой эле эки чоң министрликти да эки айымыбыз ийгиликтүү башкарууда. Бирок биз мындан ары да гендердик маселеге астейдил көңүл буруп, коомдук-саясий турмуштагы аялдардын ролун күчтөндүрүү саясатын уланта беребиз.  

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Тилекке каршы, аялзатына кол көтөрүп, зомбулук көрсөткөн фактылар азыр деле бар. “Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты”, – деп Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова белгилегендей, кыз-келиндерге байланышкан көйгөйлөрдө эр-жигиттердин жоопкерчилиги чоң экенин унутпашыбыз керек. “Эне”, “аял” деген үч тамгалуу сөздөрдүн ичинде бүт ааламды титиреткен күч жатат. Мамлекетибиздин да эртеңи аялзатынын колунда. Анткени, айымдар келечек муунга татыктуу тарбия берип, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн өнүктүрүп, аны жайылтууда ат көтөргүс оор жүктү аркалайт.

Кымбаттуу энелер жана эже-карындаштар!

Сиздерди дагы бир жолу жаз менен кошо жарыша келген майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана албан-албан ийгиликтерди каалайм! Ар дайым жүзүңүздөрдөн күлкү кетпей, жүрөгүңүздөр тынч болсун! Жергебизде тынчтык болуп, энелердин көз жашы төгүлбөсүн!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Марлен Маматалиев

Последние новости