www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу айымдар!
Сизди 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен Кыргыз Республикасынын сот тутумунун жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул жарык майрам – аялзатынын асыл сапаттарын, акылмандыгын, назиктигин, сабырдуулугун жана коомдогу өзгөчө ордун даңазалаган күн. Сиздин жоопкерчиликтүү кызматтагы талыкпаган эмгегиңиз, бекем принципиалдуу позицияңыз, жогорку кесипкөйлүгүңүз өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошуп келет.
Аялзаты – жашоонун башаты, үй-бүлөнүн куту, очоктун ээси. Эненин мээрими, аялдын акылмандыгы жана сабырдуулугу аркылуу коомдо тынчтык, ынтымак жана бакубатчылык орнойт. Сиздин эмгекчилдигиңиз, кайраттуулугуңуз жана ички руханий күчүңүз ар дайым терең урматтоого татыктуу.
Сизге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана ишиңизде мындан аркы зор ийгиликтерди каалайм. Ар дайым элдин сый-урматына бөлөнүп, алдыга койгон максаттарыңыз ийгиликтүү ишке аша берсин!
Жаз майрамынын жылуулугу жана кубанычы Сизди дайыма коштоп жүрсүн.