www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев менен өткөн жолугушууга катышты. Жыйынга ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, машыктыруучулар жана спортсмендер да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле бул тармактагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Белгиленгендей, буга чейин спортсмендер тармактагы айрым көйгөйлөр боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасына кайрылышкан.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев акыркы жылдары өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен өлкө аймагында көптөгөн спорттук объекттер курулууда. Ошол эле учурда Төрага спорт тармагын жөнгө салган учурдагы мыйзамдар заман талабына толук жооп бербей калганын айтып, мыйзамдык базаны комплекстүү түрдө жаңылоо зарылдыгын белгиледи.
Талкуу учурунда мамлекеттик органдардын жана спорттук федерациялардын ыйгарым укуктарын так аныктоо, спорт тармагына бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле спортсмендердин республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу механизмдерин өркүндөтүү маселелери көтөрүлдү.
Мындан тышкары, кесипкөй спорт жөнүндө өзүнчө мыйзам иштеп чыгуу, спортчулардын эмгек стажын эсепке алуу, алардын спорттук карьерасы аяктагандан кийин жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, ошондой эле кырсыкка кабыл болгон учурда мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү механизмдери талкууланды.
Ошондой эле допингге каршы нормаларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, спортсмендердин жоопкерчилигин күчөтүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана спорт тармагына инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгы белгиленди. Мындан сырткары, тармакты өнүктүрүү боюнча 5 жана 10 жылдык стратегиялык пландарды иштеп чыгуу маанилүү экени айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө машыктыруучулар жана спортсмендер да тармакты өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар сунуштарын билдиришти. Белгиленгендей, айтылган бардык сунуш-пикирлер мыйзамдык демилгелерди даярдоодо эске алынат.