www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эр-Риядда өтүп жаткан этно фестивалда кыргыздардын тарыхын, салттын мыкты чагылдырып беребиз деп биринчи 500 адамдан турган топ аттанды эле. Ал эле эмес "Манас" аэропорттун ызы-чуу кылып ителгиден тарта, итибизге чейин биздин маданиятты таанытууга салым кошолу деп чамынып кеткен. Кеткенине көп өтпөй өздөрүн жана кыргыздарды бөлөк өлкөгөлөргө патриот катары, конок катары туура эмес жагынан таанытып жатканын журналист Бегимай Жаныбекова өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты.
"Сүрөттө өздөрүн патриот сезген кыргыз жигиттер, күнүнө калпак кийип жүргөндөрү менен мактоого арзыйт. Бирок, алардын чектен ашкан кылык жоруктарынан көңүл айныйт. Бизди шаардан анча алыс эмес жатаканага жайгаштырды. Швед столун даярдашыптыр, бирок мындай жакшы мамиле чынын айтканда бизге жарашпайт экен. Көпчүлүк тамак көрбөгөндөй эле жулунуп, түркүн тамак-ашты талашып жеп, тарелкаларына эч нерсе көрбөгөндөй баарын салып алып, башкалар ачка калышууда. Салган тамак-аштын баарын жеп түгөтсө да мейли го, столдо баары башаламан калат. 500 адамды тейлегенге жетишпей калган персоналга кыйкырып, ышкырып эң төмөнкү маданиятты көргөзүүдө"- деп жазат журналист.
Булак: NazarNews.kg