www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттигине Чүй облусунун тургуну Гулнара Асанбекова небересин мектептин директору сабагандыгы тууралуу кабарлады.
Мен чыркыраган чындыкты издеп аткан чоң энемин. Менин 5-класстагы неберем Осукеев Алихан Мирбековичди 15-февралда саат 17:00 чамасында Чүй районунда жайгашкан Калыгул айылындагы Тынымсейит Оңолбаев атындагы орто мектебинин директору Исабекова Лиля Назарбековна “тарагыла дебедим беле!", деп неберемден сөзүн укпастан теректин сындырылган жоон таяк менен сабап салган. Сиздерден сураныч ушул ишти чындыгын ачыкка чыгарып берүүңүздү көптөн-көп суранамын. Директордун ушунчалык баланы сабаганга укугу барбы? Директордун кылганы ушул болсо калгандарынан эмнени күтсө болот? Ушул иштин акыйкатына чыгарыш керек, ушул тапта директор сабаганын моюнга албай албай актанып жатат, бизде баардык далилдер бар”, дейт 5-класстын окуучусу Осукеев Алихандын чоң энеси Гулнара Асанбекова.
Аталган мектептин директору Лиля Исабекова, “Бул провокация. Баланын денесине эмне болгонун билбеймин. Аларга баарын түшүндүрүп бергенмин. Менде дагы күбөлөр бар. Азыр тергөө иштер жүрүп жатат”, - деген пикирин билдирди.
Булак: NazarNews.kg