www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда өлкөдө кызамык оорусу күч алып, ага каршы балдарды эмдөө жүргүзүлүп жатат. Бирок, акыркы учурларда балдарды эмдетүү боюнча кайчы пикирлер жаралып, айрым ата-энелер эмдөөдөн баш тартышууда. Өспүрүм балдарды жугуштуу оорулардан сактоо үчүн эмдөө зарыл экенин дарыгерлер ар дайым эскертип келишет. Бул туурасында кенен маалымат алуу үчүн биринчи категориядагы врач-иммунолог Динара Койлуева менен маектештик.

-- Акыркы кездерде ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тартышууда, буга эмне себеп болууда?

-- Тилекке каршы, азыркы учурда эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүп баратат. Алардын басымдуу бөлүгү ар кандай диний көз караштардан улам жана  түшүнбөстүктөрдүн негизинде болууда. Айрымдары “эмдөөгө колдонулган вакцинанын курамында организмге зыяндуу заттар бар” деген ой менен балдарын эмдетпей жатат. Статистика боюнча биздин ооруканада 2018-жылы бир жашка чейин 724 бала, алты жашка чейин 6045 бала, 11-16 жаштагы 850 бала жана 949 чоң киши планга киргизилген. Ушул эмдөөдөн жалпысынан аткарылганы 93%ды түздү. Бирок, бир жашка чейинкилердин 40 балага жакыны эмдөөдөн баш тартып, алышкан жок. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошого карабастан жалпы 180ге жакын эмдөөдөн баш тартуулар болду.

-- Дегеле эмдөөдөн баш тартууга ата-эненин укугу барбы?

-- Негизинен мыйзам боюнча ата-энелер эмдөөдөн баш тартканга акысы бар. Бул мыйзамда жарандын да, медицина кызматкерлеринин да укуктары белгиленген. «Иммунопрофилактика” боюнча атайын мыйзам каралган. Анда 5-статьясында “жаран баш тартса болот” деп жазылган. Бирок, эмдөөдөн баш тарткан ата-эне түшүнүк кат жазып бериши керек. Ошол эле учурда дарыгер эмдөөнүн бала үчүн зарыл экендигин тынымсыз түшүндүрүп, толук маалымат берүүгө милдеттүү. Ата-энелердин балдарын эмдетүүдөн баш тартышы кооптуу оорулардын жайылышына себеп болот. Мисалы, азыркы учурда кызамык оорусу боюнча көп катталууда. Эмдөөдөн өтпөй калгандар жана эмдөөдөн баш тарткандар ушундай жугуштуу ооруларга кабылышууда.

-- Бизге вакциналар кайсы жактан келет жана алардын курамы кандай?

-- Вакцина – бул жугуштуу ооруга иммунитет жаратууга багытталган медициналык иммунобиологиялык каражат. Вакцина алганда балада ооруга каршы 10 жылга жете тургандай иммунитет жаралып, оору жукса да жеңил өтөт. Кыргызстанга келген ар бир вакцина бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан атайын лаборатория лицензиядан өткөрүлүп келет. Ошондуктан анын балага эч кандай зыяны жок экендигин далилдейт. Кыргызстанга негизинен Бельгия жана Франциядан шал, пневмокок ооруларына каршы, Индиядан болсо кызамык, кызылча ооруларына каршы вакциналар келет. Ал эми Индонезиядан, Кореядан көк жөтөл, сенек, кептөөр ооруларына каршы келсе, Япониядан кургак учук оорусуна каршы вакциналар алынып келинет. Эл аралык стандарт вакциналардын курамына жана сапатка жооп берет. Вакциналардын курамында адьюванттар иммундук жооптун иштелип чыгышын күчтөндүрүүчү заттар. Экинчи антибиотиктер – бул вакцина үчүн ткандын клеткаларын өстүрүүдө бактериялык булгандуудан сактоо үчүн колдонулат. Консерванттар – бул химиялык заттар, буларды өлтүрүлгөн же субъединицалык вакциналарга вирустардын активтүүлүгүн жайлатуу, бактериалдык ооруларды зыянсыздандыруу жана вакцинанын булганып калуусунун алдын алуу үчүн кошулган. Ошондой эле стабилизатор – бул вакциналарды туруктуу бузулбай кармап туруу үчүн колдонулуучу заттар.

-- Баланын иммунитетин көтөрүүдө жаш энелерге кандай кеп-кеңешиңизди бересиз?

-- Иммунитетти көтөрүү үчүн туура жана рациаоналдуу тамактануу зарыл. Ымыркай үчүн эң биринчи модулятор – бул эненин сүтү. Алты айга чейин бала сөзсүз эненин сүтү менен азыктанса, ооруга көп чалдыкпайт. Алты айдан баштап кошумча тамак бере башташ керек. Жылдын кайсы мезгилинде болбосун иммунитетти кызыл калемпир, сарымсак, буурчак, ит мурун, жаңгак, капуста, чычырканак, карагат жакшы көтөрөт. Ар бир адам кайсы мезгилде болбосун өз саламаттыгына көз салып туруусу абзел. Иммунитетти көтөрүү үчүн дары-дармектерди көп сунуштай бербейбиз. Анткени, алар жасалма түрдө көтөрөт.  Ушуну менен катар эле күн сайын таза абада эс алуу, көнүгүүлөрдү жасоо, туура тамактанууга көңүл буруу кажет. Тамеки жана спирт ичимдиктеринен алыс болуу менен бирге өз саламаттыгыбызды сактай алабыз.

Назима Жумаева

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости