www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын президенти Джо Байдендин Осмон империясынын тушундагы армян кыргынын «геноцид» деп аташын кескин айыптады.

Эрдоган 26-апрелдеги телекайрылуусунда акыркы чечим АКШ-Түркия мамилесине «терс таасирин тийгизерин» билдирди. Түрк президенти Эрдоган Джо Байденге «геноцид үчүн башкаларды айыптардан мурун күзгүдөн өзүңдү бир кара» деп кайрылып, Америкадагы түпкүлүктүү улуттардын таржымалын эске салды.

Джо Байден 24-апрель - армян кыргынынын курмандыктарын эскерүү күнүндө 1915-жылдагы окуяларды «геноцид» деп атаган. Байден узак убактан берки негизги аймактык жана НАТОдогу маанилүү өнөктөшү Түркия менен ансыз дагы начарлап жаткан алака-катышты сындаган билдирүү тараткан. Байден бул окуяларга Рональд Рейгандан кийин «геноцид» деп мүнөздөмө берген АКШнын алгачкы президенти болуп калды.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Байдендин чечимин «популизмге негизделген билдирүү» катары мүнөздөп, аны толук четке кагаарын билдирген болчу.

Жыл сайын 24-апрелде Арменияда жана армян жамааттары жашаган өлкөлөрдө 106 жыл мурда Осмон султандыгы маалындагы коогалаңда кыргынга кабылгандар эскерилет. Түркия «капсалаңда өлгөн армяндардын саны жөнүндө маалымат негизсиз, алар ич ара согуштун курмандыгы болгон» деп санайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости