www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 27-апрелинде Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Татарстан Республикасынын билим берүү жана илим министри И. Хадиуллин менен жолугушту.

Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар билим берүү жана илим жаатында кызматташууну тереңдетүүгө, Кыргызстан менен Татарстандын билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты арттырууга эки тараптуу кызыкдар экендигин белгилешти.

Элчи Татарстандын бай билим берүү салттарын, олуттуу илимий мектептердин, билим берүү жаатындагы кесипкөй кадрлардын бар экендигин, Россияда Татарстандын орто кесиптик билим берүү жана кесиптик билим берүү жаатындагы алдыңкы позицияларын белгиледи.

Ушуга байланыштуу Татарстандын орто атайын билим берүү тутумун реформалоо боюнча ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөөгө кыргыз тарабынын кызыгуусу айтылды.

Тараптар Кыргызстан менен Татарстандын кесиптик билим берүү жаатында кызматташуу программасын иштеп чыгуу боюнча пикир алмашышты.

Татарстан тарабы Кыргызстандагы колледждердин биринин базасында Татарстандын орто атайын кесиптик билим берүү мекемесинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости