www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Айнура Осмонова: “Аймактарда эл кыйналып жашап жатат”

“Аймактарда эл кыйналып жашап жатат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова. 

--“Кыргызстанга парламенттик башкаруу карапайым эл үчүн эн жакшы болду. Себеби, парламенттик башкарууга жаштар, аялдар келип, социалдык маселелерди чечишчү. Ошондуктан парламенттик башкаруу болсо ыңгайлуу болмок. Айрыкча карапайым адамдардын көйгөйү абдан көп. Алар бийликтегилерге үнү жетпей, кыйналып келишкен. Аймактарда суу, жер, чек ара билим, саламаттыкты сактоо  тармагында маселе абдан көп. Канчалаган жылдардан бери таза суусу жок, электр жарыксыз жашаган айылдар бар. Ушундай нерселерди депутаттар чечип беришти.

Негизинен аймактарда мектептер жетишпейт экен. Учурда бир класста 60тан бала окуйт. Бала бакчалардын жетишсиздиги курч бойдон калууда. Пандемияда көптөгөн мигранттар келди, калкка жумуш орундарын түзүп берүү да маанилүү болуп турат. Андан тышкары электр энергиясынын кымбатташы. Аймактарда элдер кыйналып эле жашап жатат”, - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости