www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдөгү катуу жер титирөөдөн кийин куткаруу иштеринин кечеңдеп жатканы үчүн элден кечирим сурады. Бул тууралуу Бул тууралуу AFP.агенттигине шилтеме берүү менен "Европейская правда" билдирди.
Эрдоган Түркиянын түштүк-чыгышындагы жер титирөөдөн эң чоң зыян тарткан Адияман провинциясына барганда эл алдында кечирим сурады. 10-февралда эле жергиликтүү тургундар өкмөттүн аракетине нааразылыгын билдиришкен.
"Мен жер титирөөнүн экинчи күнү саат 14:00гө чейин эч кимди көргөн жокмун. Өкмөт да, мамлекет да, полиция да, аскерлер да жок. Уят! Уят! Силер бизди ара-жолго таштап койдуңар", - деди Адияманунун тургуну Мехмет Йылдырым AFP агенттигине.
"Жер титирөөнүн кыйратуучу таасири жана жаман аба ырайынан улам Адыяманда алгачкы күндөрү талаптагыдай иштей албадык. Бул үчүн кечирим сурайм", - деди Эрдоган дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында.
Эске салсак, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында бир нече сааттын ичинде эки жолу катуу жер титирөө болуп, анын кесепетинен 40 миңден ашуун адам каза болду. Издөө-куткаруу иштери дагы да уланып жаткандыктан, зилзаланын курмандыктарынын саны күн сайын өсүүдө.
Эрдоган өз кезегинде оппозициянын сынына кабылып, бир нече саясатчылар өлкөнүн мындай чоң табигый кырсыкка каршы турууга даяр эместигин белгилешкен.
Булак: NazarNews.kg