www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарып, "Пари Сен-Жермен" клубунун жана Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Мессини жылдын мыкты оюнчусу деп тапты.
ФИФАнын сыйлыктарын тапшыруу аземи кечээ, 27-февралда Парижде өттү.
Аталган сыйлыкка Месси менен бир клубдагы француз чабуулчусу Килиан Мбаппе жана "Реалдын" чабуулчусу Карим Бензема да талапкер болушкан.
Месси өткөн жылдын декабрь айында Аргентина курама командасынын курамында дүйнө чемпиону болгон. Ал Катарда өткөн турнирдин мыкты оюнчусу деп табылган. Финалдык беттеште Аргентина курамасы француздарды пенальтилер сериясында утуп алган.
Ал эми кыз-келиндер арасында мыкты оюнчу делип экинчи жыл катары менен Испаниянын "Барселона" командасынын жарым коргоочусу Алексия Путельяс аталды.
Эркектер арасындагы футболдо мыкты машыктыруучу деп Аргентина курамасынын башкы машыктыруучусу Лионель Скалони аталды. Ал эми аялдар футболундагы машыктыруучулардын арасынан Англиянын курамасын машыктырган Сарина Вигман мыкты аталды.
Жылдын мыкты дарбазачысы делип Аргентина курама командасынын жана Англиянын "Астон Вилла" клубунун оюнчусу Эмилиано Мартинес табылды. Ал эми эң мыкты аял дарбазачы деп “Манчестер Юнайтеддин” оюнчусу Мэри Эрпс табылды.
Булак: NazarNews.kg