www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Документ чыккандан кийин бул факты боюнча иш козгоп тергөө иштерин жүргүзүү керек. Документ чыккандан кийин күнөөлөнүп жаткан адам жоопкерчиликти алып өзүнүн ак экенин көрсөтүү зарыл. Атайын органдар патриот болобу болбойбу, бул ишти жасоосу зарыл. 2004-жылы биздин Кыргызстанда дагы Акаевдин бийлиги

кыргыз элин ит менен аттан төмөн кылганда “Көк бөрү” федерациясынан сурап көргөм. Аттарга кандай документ колдоносуңар десем паспорт жана ветеринардык справка деп айткан. Ошол убакта элдин паспорту жок болчу. Бул маалыматты эл мага бергенде атайын иштерди карап көтөрүп чыккам. Балким биздин атайын кызматтарда деле бийликке баш ийбеген патриоттор бар чыгаар деп ойлойм. Сентябрь айында Атамбаев БУУнун жыйынына бара жатып ооруп калганда Түркиянын бир дагы расмий бийлиги келген эмес. Бул деген Атамбаевди кабыл албаганын билдирет. Балким, Түркиянын бийлиги атайылап бул ишке Атамбаевди аралашты деп атайын жасап жаткандыр. Бул оюнчук эмес, эгерде мамлекет башчысынын аты аталып жаткан болсо, ал аз келгенсип үй-бүлөсүнүн аты аталып жатса президент өзү моралдык жактан жоопкерчиликти алышы керек.

Баяна Кулова, «Жаңы Ордо»

Последние новости