www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Абакта жаткан “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Манас” аба майданынына жакын тилкедеги Дача-Су аймагындагы кулаган учактагы жүктүн ээсинин ким экенин атайын документтер менен көрсөтүштү. Документте көрсөтүлгөн маалыматка ишенсек жүктүн ээси президент Алмазбек Атамбаев жана жубайы Раиса Атамбаевага тийешелүү экен деп ынандырып жатышат. Буга канчалык деңгээлде ишенүүгө болот?

Жүктүн кимдики экенин бийлик ушул күнгө чейин жашырып жатканы ошол жүктүн ээси бийликтеги эң жогорку бийликтеги кишиге тийешелүү экендигин айгинелеп турат. Текебаев балким ошол жүктүн ээсине тийешелүү документ тапкандыр. Бирок, анын түп нускасын көрсөтүш керек. Көчүрмөсүн эмес, түп нускасын көрсөтсө туура деп ишенсе болот. Биз жүктүн ээсинин ким экенин азыр билбесек кийин билебиз. ИКАО деген Эл аралык авиация уюму бар. Ошонун Монреаялда кабыл алган конвенциясынын негизинде жүк ташыган авиа компания жүк жоголсо же бузулса болбосо кыйрап калса жүктүн ээси камсыздандырылган чыгымын төлөп берет. Ошону алгандан кийин гана баарын билебиз. Ага чейин бул бизге табышмак бойдон кала берет.

Баян Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости