www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Блогер жана журналист Аскат Тейит Россия Федерациясынын эл аралык аэропорту Домодедовадан РФ коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу маалыматты Аскат Тейит жеринен билдирди.
--Мен эч нерсеге түшүнгөн жокмун. РФ коопсуздук кызматынан кызматкерлери РФ эл аралык аэропортунан кармап алышты. Буга чейин дагы чек арадан кармаган. Алар Кыргызстанда издөөдө эмессиңби?,-деп мыйзам чегинде текшерүүгө алган. Бүгүнкү кармалышымды алар мага биздин өлкөнүн сунушу менен деп айткандай кылышты. Бирок мен буга чейин Кыргызстанга барып келгенмин. Учурда аэропортто турамын. Чек ара кызматы сотко арыз жазмайынча мага так маалымат бербей тургандыгын билдирди. Кандай болгон кундө дагы Орусияга 20 жыл кирүүгө тыюу салганына такыр түшүнбөй турамын. Эмне буларга мен террорист белемин, деди Аскат Тейит.
Аскат Тейиттин айтымында ага, Орусия Федерациясынан чыгуу жана Орусия Федерациясына кирүү тартиби жөнүндөгү Федералдык Мыйзамына ылайык 07.11 2038-жылга чейин Россияга кирүүгө тыюу салынган.
Булак: NazarNews.kg