www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болушу мүмкүн... 

Интернетте тараган депутат Искендер Матраимов менен Эрнис Кыязовдун телефон сүйлөшүүсү боюнча менин расмий билдирүүм: 

1). Аудио эч кандай жасалма эмес, ал менин нукура үнүм. 

2). Болгону ватсаптагы ал сүйлөшүү толугу менен берилбей, каалагандай контекстте кескилениптир. Кескиленген күндө да ал жерден  депутат Матраимов менен менин супер-жашыруун, көмүскө секреттүү, кыл жип менен бууган, элден бекинип уяла турган эч бир мандем көрбөй турам.  

3). “Ой бүгүн” көрсөтүү күнүгө түз эфирде (!) (алдын ала жаздырып алып, анан кескилеп-монтаждап эмес)  бир саат эфирге чыгат. Эл оозунда кызуу сөз болуп аткан, табы ысык темалар, кырдаалдар, актуалдуу окуялар талкууга алынат. Көрсөтүүнүн журналисти Азамат Кыязов ошол күнү соцтармактарда көп талаш болуп аткан Матраимовдор темасын обого алып чыгууну сунуш кылды. Мен “тематикага тиешелүү бардык тараптарды чакыра алаарыңызга көзүңүз жетсе, чакыргандар бири калбай келип бере алаарына ишенсеңиз гана ушул теманы алыңыз”-дедим.

 Азамат  саамга ойлонуп: “сиз фейсуктан эле бардык тараптарды чакырабыз, түз эфирге түз келип түз ойлоруңарды айтып-айтып алгыла деп ачык эле жар салып койбойсузбу, ар кимиси өзүнө ишенсе, өз чындыгын айтам деп бир бирине намыстанып  келишет да..” деген сунушун айтты. Мен анын сунушун  туура көрүп фейсбук баракчама Матраимов темасын тээ мурда иликтеген Эдил Байсаловдун, кийинчерээк иликтеген Али Токтакуновдун жана депутат Искендер Матраимовдун  сүрөттөрүн коюп, ачык анонс-чакырык кылдым, шилтемесин мобу жерден окусаңар болот: 

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2538074829549876&set=a.529240593766653&type=3&eid=ARDSXZqbmVWcfQClQt00pM8gYJIWt8RVoamCgAujgK1ljKZbsLdQQnwx8S3sUdceMeZKfisJh4XJ3700

Темага биротоло  токтолгон соң, Алини чакыруу милдетин Азамат Кыязов алмай болду  “.. Алини чакыра алам, мен айтсам ал келет болуш керек, анткени илгери гезитте  менин практикамдан өткөн, тарбиямды, насааттарымдын чет-четтерин көрүп калган..Бирок тиги Матраимовдордон да бирөөсүн чакырбасаңыз Али келбейт, жетекчилик рангаңыз менен Матраимовдун бирөөсүн өзүңүз чакырып бербесеңиз мендей катардагы рядовой журналистти  эч ким тоготпойт экен аксакал..” деп какшыктап  жылмайды. 

Айткандай эле ал Али менен байланышса талкууга кимдер келээрин сурап “Матраимов келсе талкууга барууга даяр экендигин” билдириптир. Мен дароо Жогорку кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулуна фейсбук-мессенжер аркылуу анын мобилдик телефонун сурап жаздым. Мага жиберген номурга чалсам гудок кыйлага  түтүлдөгөнү  менен, “чоочун  номур” дедиби айтор такыр алган жок, саал убакыт өткөрүп дагы чалдым, алган жок. Кыйладан кийин ватсап аркылуу мага аудио-чалуу келди, өзүн Искендер Матраимов деп тааныштырган депутат экен.

Парламенттик микрофонго чыгып алып сүйлөгөнүн телевизордон, интернеттен эле анда-санда көргөнүм болбосо, өмүрүмдө биринчи жолу тилпондогу үнүн уктум.  Саламдаштык. Талкууга чакырып жатканыбызды, тилпон номурун Басма сөз кызматынан алганымды айттым. А  киши да  Аличесинен оозунуп сурады: “Кимдер келет?..” деп. :) Мен дароо: “Эгер сиз келсеңиз Али түз эфирге келем, иликтөөмдөгү суроолордун баарын түз берем”-деди десем, депутат да “  ..аа жакшы болот, мен да барам, менде да айта турган сөздөр, бере турган суроолор бар..” деди.  Контрасттуу эки катышуучу “макул келебиз” дешти, “ал экөөнө  тең көз каранды эмес тарап ким?” деп ойлонуп, Атамбаевдин миллиондорун иликтеп, ага кайсыдыр бир уйгурлардын катышы бардыгынан шекшип, “ошол уйгурлар ким, Алмаз Шаршенович?” деп суроо берип жооп ала албай жүргөн Эдил Байсаловго фейсбук-мессенжерден  тээ  мурда эле  кат жибердим эле, постума да “отметить” дегенин белгиледим эле,  онлайнда жашыл күйүп эле турган менен такыр жооп  жазбаптыр.

Акыры  ага да кайра-кайра  чалып атып сүйлөштүм. Ал да  “кимдер келет?” деп баарын тактап сурады, :)  баары келээри ырас болсо гана катышаарын билдирди. “Макул келебиз” деген үч тарап бар, аларга да көз каранды эмес дагы ким бар?-деп ойлодум.  Баса, жакында эле Күнөзөк деген деген көрсөтүүбүздө  конок болуп кеткен экс-азаттыкчы журналист, Мадумаровдук акцияларга активдүү катышып келе жаткан Айданбек Акматов аганы да чакырып коюууну туура деп таптык, анткени ал биздин студияда “Азаттыктын” иликтөөсү тууралуу оюн  айтып келатып “карапайым журналистке эч ким банктык жашыруун маалыматтарды бербейт,.. Алиге ал маалыматтарды ким бергени күмөндүү  суроолорду пайда кылат..” деген ойлорун айткан болчу. А киши менен Азамат Кыязов  байланышып келээр-келбесин сураса, келээрин айтыптыр.

Программанын форматына жараша төрт тарап го бар, баары бири бирине контрасттуу, дагы кайсы нюансты  унуттук деп ойлоп, “Мадина” деген уйгурлары көп базарда   Кытай менен Кыргызстанга каттаган уйгур бизнесмендер көп болчу эле, ошолор бажыканадан товар ташыганда  акчаларын кантип өткөрөт, банк аркылуубу, же мүшөккө салып өтүп кетишеби..ошону  кошо сурайлы,- деген ниет менен  Азамат Кыязовго  “Мадинанын”  администрациясына чалып “..ушу маселеге тиешелүү адисиңерди же кыргызча чала болсо да оюн түшүндүрө ала  турган бир ишкериңерди жибергиле” деп кулак кагыш  кылып коюңуз дедим, ал телефондорду  сураштырып тактап, “бир ооз айттым, келсе келди, келбесе өздөрү билсин”  деп   кампүтүрүн  чукулап  темага даярдануусун улантты.

Ал арада Али иним  өзү ватсап аркылуу  чалды, кичине таарынды “..Эрнис байке  кантсе да  журналисттербиз го, тиги Матраимовду баатыр, мени калпычы  кылган таризде анонс берипсиз,  менин өзүмө эле чалып кел десеңиз бара калат элем го...” деген мааниде. Уурунун уурулугун далилдеген аргумент-фак тыларыңды  апкелип түз эфирде айтып-айтып ал, матраимовдор менен аласа-бересем жок, а кишилерди маа демектен эфирде кууруп же...-деген көз карашымды айттым. “Эрнис байке  эскертип коеюн, бир шарт бар, өзүм менен кошо фейсбукка  түз чагылдырып турган операторумду, камерасы менен кошо ала келем,-деди.

Кудай жалгасын, эмнени көрсөңөр-этсеңер, байкасаңар, эфирге чейинкисин да, эфир маалындагысын да, эфирден кийинкисин да  тарта бергиле,-дедим, түшүнүштүк. Ошентип, баардык тараптар такталган соң, “келатышат, көргүлө!” деген маанайдагы анонсту дагы жар салдым, шилтемесин мобу жерден окусаңар болот: 

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2538368359520523&set=a.529240593766653&type=3&eid=ARBIx8gI2vBX5kEns0USRk-F3oAw0zHYs-vHr7uwv5GF8czlpd2Q7_O7Bk0xcaP3_ZX7jEgYkBMBlsh7

Аз өтпөй ватсап аркылуу депутат Искендер Матраимов чалып, “Эрнис иним  менде  биздин фонд эмне  иш кылганы, райондо кандай иштерди бүтүргөнү , эмнелерди курганы, элге кандай жардамдарды бергени тууралуу даяр видео материал бар, эфир учурунда ошону көрсөтүп койсок болобу?” деди. Болбостугун так кесе айттым, түз эфирде келген тараптардын баарына кезек-кезеги менен сөз берилээрин, ар ким өзү туура деп эсептеген сөзүн ачык-айкын  айтса, ал түз эфирде экранда да, фейсбукта да түз чагылдырылып тураарын түшүндүрдүм. Ал кимдер келээрин дагы сурады.

Мен келчү тараптардын баарын айтып өтүп, ал жөнүндө анонс да кылынганы тууралуу баса белгилеп эскерттим, анткени Говори ТВнын жетекчиси Кайыргүл Урумканованын  “депутат  бизге келем деп коюп  келбей койду..Али гана келди” деген мазмунда  жазган постун окуп, “бизге да келбей койбосо экен..” деген өңүттө алдын алганым эле. Урумканованын посттору бул шилтемелерде: 

https://govori.tv/16-00-d-govori-tvnyn-t-z-efirinde-i-matraimov-zhana-a-toktakunov-bolot/?fbclid=IwAR2yHaUItX5uBuyuFcLmw1U2Ntzs0QsQXpoFbzcol1fhAz1dFAnECVmnNUE 

https://govori.tv/matraimov-kachty-azattyktyn-ilikt-s-n-n-avtoru-t-z-efirde/?fbclid=IwAR323JIp2oq9EaPFugE7bch3a83POhTTOhKKi4vQ1nQx-8zS1a3QxVjNglQ

Депутат  Искендер Матраимов ватсап сүйлөшүүдө  “пресс конференция өткөргөн юрист” тууралуу  кеп кылып аны чакырдыңарбы?-деди. Чынын айтайын эмне болгон юрист, эмне деп пресс конференция өткөргөнүнөн менин маалыматым жок эле. Тек бу депутат “менден бөлөк да менин позициямды  түшүнгөн башкаларды чакырды бекен” деп тайсалдап атканын  мен дароо аңдап түшүнүп,  Мадина базарынын администрациясына чалып  студияга  киши чакырганыбызды айттым. Негизи   студияга  көп конок  чакырып жатканда баары эле сурашат, “менден башка  кимдер келет,  тигини  чакырып койсонор жакшы болот эле да, буга чалып  сөзсүз келтирсеңер  сонун болот эле да,..маселени жакшы билет эле да...” деп, кимге  чалбайлы, көбү ушинтишет, Равшан Жээнеков болобу, Т.Акунбу, Алга Кылычевби, Алмаз Акматалиевби, Адил Турдукуловбу, Алишер Мамасалиевби, Эсенбай Нурушевби.. ж.б.  бул нормалдуу эле нерсе. Келген коноктордун ар бири студиядагы оппоненттин денгээлин, акыл парасатын, өйдө-ылдыйын  алдын ала акылы менен олчөп-ченеп алып анан “макул барам” деп айтат,.. же “куран окуткан жакта жүрөт элем да,..башка нерсени пландам алгам болчум..” деп студияга келүудөн баш тартат.

Айтайын дегеним бул эмес,  депутат Матраимов кайсы юрист, кайсы пресс конференция тууралуу  айтып атат деп, аны менен сүйлөшүп бүткөн соң  дароо интернетти  чукуладым. Бир ишкерлер чогулуп алып маалымат жыйын куруп, Кыргызстандагы базарлар, андагы акча айлануунун көлөмү, аркы-теркиси тууралуу божурашыптыр. Түз эфирге  саналуу  убакыттар  калганда коноктордун баары келди.  Ким  кантип  келгени тууралуу   мен  фейсбук баракчамда улам жар салып, анонс  кылып турдум, шилтемеси ылдый  жакта.  Биринчи болуп Али  келди деп  сүйүнчүлөгөнүм бул: 

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2538478582842834&set=a.529240593766653&type=3&eid=ARDbOc2QeKUOhihmMd-D08IlXP3K5AHxeQe1sV7hTZ9MLTbPnjjepP63uftSCnVsZf7hWV6zrbj_NALz

Мен, Али, Нарын Айып болуп сүйлөшүп олтурсак, эшик шарт ачылып депутат Искендер Матраимов да кирип келди. Бир бирине тийише сүйлөп, какшыктап сүйлөп, чымчып сүйлөп Али менен депутат саламдашышты.  Нарын Айып экөөбүздүн кашыбызда “Бул эмне үчүн момундай?” “Анткени тигиндей” деп  полемика башталып кетти. Азыр баарын айтып жибербей, түз эфирде  болгонун болгондой сурайсынар, болгондой айтасыңар,- деп кепке  келиштик.     Үчөөбүз олтургандагы чырк этме пост бул жакта:

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2538494296174596&set=a.529240593766653&type=3&eid=ARD84UMF5hEhgNQQhTEmNaT3fSbpA3IWvWoMWZ-DNHP7EXk2bkdS5uDj3UxpNhsvbV95DOGkNlZSUnRu

Саналуу  убакыттардан кийин  айтылуу Эдил Байсалов да келип калды. Ал фото-учурду кантип сүйүнчүлөгөнүм бул шилтемеде: 

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2538521039505255&set=a.529240593766653&type=3&eid=ARDFS2d-8TqSLnZ40C8bEyw6NXGAcnnjSTRHNzDaNOEW7SbOk2qTSZetojVUg_z3JpA-SOeUna5a6NLj

Анан  баягы   Мадинанын администрациясы  жиберет деген кишиси да келди. Ал көрсө ошол  депутат Матраимов ватсап чалууда  мага түшүндүро албай  аткан, маалымат жыйынын өткөргөн ишкерлердин арасындагы  юрист экенин биздин каналга келгенде, кебетесин  бет мандай  көргөндө түшүндүм. Азамат Кыязов  эфир башталаарга чейин көрсөтүүдөгү теманын чоо-жайын, тиги юристтин бул багыттагы көз караштарын сураганда темага тиешеси жок таптакыр эле  башка нерселерди айтып, ишкерлер товар жүгүртүүнүн  кызытып өлкөгө кандай  укмуш пайда  келтирип жаткан жалпылыктарды айтып талаалады.

Анан калса, кыргызча оюн оңдуу  түшүндүрө да албайт экен, орусча гана сүйлөйм,- дейт. Кыскасы  депутат суранган пресс  конференциядагы ал юристти эфирге  чыгарган жокпуз.  Түз эфирге кимдер чыкты, эмне деп сүйлөштү , эмне деп талашты баары фейсбуктан, теле экрандан түз чагылдырылып турду. Алиге же Матраимовго “момуну сүйлө же  сүйлөбө” деген эч ким болгон жок.  Же  болбосо алдын ала жаздырылып алып, тигил же бул тарапты жамандаган же жакшылап кооздоп монтаждалып анан элге сулуулап сунулган жок, бир саат ичинде ким нени айтам десе  айтты, дегиси келсе деди, түз эфирдин шилтемеси мобу жерде: 

https://www.facebook.com/5tvkg/videos/382916289245485/

Чындык тоголокпу, сүйрүбү? 

Мен илгери так ушул азыр иштеп жаткан телеканал Бешинчи каналдын саргымтыл түсүнө боело элек, КООРТ деп аталып турган жылдары  университетти жаңы гана бүтүп иштеп калдым. Маалыматтык программада тажрыйба топтоп, кийинчерээк аналитикалык көрсөтүүгө өтүп,  көтөргөн темаларыбыз азыноолак эл оозуна алынып, ошо кездеги оозунан от бүрккөн оппозициячылардын бири Мелис Эшимканов да “...үкам бу сени түшүнбөй  калдык, кээде эле бийликти кагазга ороп согуп коесуң, кээде билинтпей бизди чымчыйсың, биздин гезитке да псевдоним менен макала жазып турбайсыңбы..” деп таклип кылганда, макул деп эки тараптын тең  быкыйын айткан  макалаларды жазып турганым ырас, ал жоругум үчүн  дагы деле ичимден сыймыктанам. Ошого деле болбой жалпы  фондо эл оозунда  биздин КООРТ  Акаевдин күйөо баласы Адил Тойгонбаевдики деп эсептелинчү.

КООРТто дээрлик 5 жыл иштедим,  ошол эле кеп кылган Адиль деген кишини бир көрбөдүм,  эми ал менин астыман чыгып көрүнгүдөй  мен ким элем..  :) Менден өткөн бунтарь-кыялы бар Уланбек Карыпов деген досум экөөбүз, “Апта” деген көрсөтүүнү “укмуш кылсак..” деп кээде түндөп монтаж бөлмөсүндө жатып калып, бөлмөбүз кукси жыттанып эле, айтор  тв иши менен мээнеттенип, “ой көрсөтүүнөр шумдук болбодубу” деген кеп уксак жер баспай дердейип, кыскасы  катардагы кумурска жүрүш менен түйшүктөндүк, амалекин “чындык момундай” деп элдин баарын ынандыра турган чекитти таппадык.  Кийинчерээк  Текебаев спикер болуп турганда парламенттин басма сөз кызматында бөлүм башчылыкты аркалап, телестудиясында иштеп калдым, “Парламент” деген көрсөтүүдөгу менин айрым репортаждарыма  канааттанбай  а киши мага  “мыйзамдын өзөгүн түшүнүп  анан ошого жараша олуттуу жерлерин гана тандап көрсөтүш керек, сессиядагы уруш-талаш, полемиканын баарын көрсөтө бербеш керек” дегенине болбой “сессияда эмне болсо, болгонун болгондой көрсөтүш керек..” деп кыйыктанган баеолугумду Жогорку  кенеште көптөн бери оператор болуп иштеп келаткан Эргеш Жусубалиев агам  эмдигиче  күлүп жолукканда  эскерип калат.

Парламенттин ар сессиясына  катышып талкууларда  көп чындыктар айтылып жаткансыганын укканым менен,  элдин баарын муюта турган  абсолюттук  чындык  ал жерде деле жок экенин аңдадым.  Өзүм өкүртө  сындап жүргөн, Эшимканов гезитинин эки санынын биринде “кара жашик” деп туздап жүргөн  КТРде раматылык Мелис агам менен иштешип калдым, ошол жылдары парламенттик шайлоолорго байланыштуу студиядагы дебатта Өмурбек Текебаев  оппоненти  Каныбек Иманалиевди  “акаевдин куйругусуң” деп күнөөлөсө, Какем Текебаевди  “качып кеткен Акайыптын артынан  Маскөөгө чейин барып анткенсиң-минткенсиң...” деп Өмүкенин безине тийип жаткан учурда  студияга бара калып , саламдаша коем деп  белекке  алган “сөгүүнүн” чын-бышыгын детектор “бул чын айтты, тиги калп айтты” деп тыянак  кылып берген менен  Эшимканов башкарган жылдардагы КТРдин чындыктары деле элди  муютпай, артынан ар кыл аңыз кеп ээрчиди. Кийин соңу КТРдин жүгөнүн “Азаттыкта” иштеп келген далай экс-деректирлер кармап көрдү, “КТРди  журналист эмес, менеджер башкарса оңолот..” деп   Илим досум да КТРКнын жонуна “коомдук” деген ээр токуп чапкылап көрдү,..  “чындык болгонго жараша  мына  ушундай болсо, атаганат” деп бүт  баарын ыраазы кылган шайма-шай чындык баары бир  көзгө көрүнбөдү, колго кармалбады . 

Илгери Бакиев деген президент Атамбаевди премьер кылып дайындап ошол эле   КТРден өкмөттүн  ишин чымчылаган тематикаларды  көтөргөнүм менен аны “...туура  сындап атасың, ошентип бизди камчылай бер” деп өкүмөт башчы Алмаз Шаршенович  көрүп мени өкмөттүк чогулушка  чакырып камчы белек кылганы  менен, жалпы жонунан элде “КТР  өкмөт сонун иштерди жасап атат деп мактагандан башканы билбейт..” деп нааразы болгон баягы көрүнүш, баягы  чындыктын чындыгын  издеген кебете улана берди. Парламентте Темир Сариев, Иса Өмүркулов деген депутаттар Атамбаевдин өкмөтүн, Кумтөр боюнча жасаган иштерин өлө  сындаган активдүү  депутаттардан болгону эсимде.   

Мезгил зуулдады.  Элтрде Убактылуу өкмөтчүлөрдүн күүсу менен бийликке келген Отунбаеванын маалында, президент Атамбаевдин башкаруу жылдарында  эфирге чыккан  “Багыт” деген көрсөтүүмдө  канчалаган социалдык, экономикалык, маданий ж.б. тематикалар көтөрүлдү,  “тоголок чындык ушу” деп токтогон, “сүйрү чындык ушул” деп сүйүнгөн киши  болбоду.  Ош Твда Баш директор болуп иштеп турганда чатырдагы антеннаны ок менен атып кетишип, УКМК-нын желдеттери  кабинетиме  уруксаатсыз эле  кирип чачып кетишип, суракка  чакырышып, айла  кеткенде оозду скотч менен чаптап протест кылып турдук, ошондо да “чындык ушулардыкы” деп эл жабыла кол чапкан жок, “булар Мелис Мырзакматовдуку” дешти. НТСте түз эфирдеги “Ар тарап” ток шоусун алып барып жүрдүм, көп адистер, саясатчылар келип ар кыл темада билген чындыктарын айтып кетип жатышты, “көптөн күткөн чындыкты  мына  эми уга баштадык” деп өлкө эли кубана жыргашкан жок, “бул Бабановдун каналы..” дешти. 

Кор болуп, кар болуп, эч ким анын үнүн укпай камалып, камактан эптеп бошонуп чыгып качууда жүргөн  Садыр Жапаровдун агасы Сабыр ага атайы менни тилпонуму издеп таап “бизде  Садырдын Кумтөр боюнча  жыйнаган көптөгөн материалдары бар, ошону иретке келтирип, монтаждап берчи, эл түшүнгүдөй болсун..” деп өтүндү,  окусун окуп бердим, жазчусун жазып бердим, интернетте ал видео материалды көргөн эл   “оо  көрсө  Садыр туура айткан турбайбы” деп толкуп келип колдогон жок, элге ишенген Садыр тигинтип шерденип Кыргызстанга  келээрин келип алды эле Атамбаевдин желдеттери аны чек арадан дароо кармап ой-буйга  келтирбей  камап тынышты.

Фейсбук деген ааламга кирип, ара-чолодо өзүм байкаган саясый быкыйларды жаза коюп, пост жарыялап жүргөн күндөрдүн биринде  кеч күүгүмдө  “чакырылбаган коноктор” келип үйүмдүн эшигинин түбүндө  жакалап  “жөн жүр” деген ишара жасагандан тартып, саясаты жок, жанга тынч эле  иш кылайын деп исламий сайт ачып, аудио китептерди окуп, анча-мынча  котормо иштери менен акча таап жүргөн кезеңдерде өкүмөт Бешинчи каналды иштетүү демилгесин көтөрүп атканын кулагым чалып калды. Ошентип өкүмөт тутумундагы Мамлектетик мүлктү башкаруу  фондусу тарабынан дайындалган акционердин буйругу менен былтыр 2-майдан бери бул каналды жетектеп, жамаат жыйнап, өз дараметиме жараша контент түзүп иштеп келе жатабыз.  Кайпактатып, чайпап “биз жеке каналбыз, мамлекеттик деп эсептелбейбиз, мамлекетке карабаган ЗАОбуз..” дебейм, дароо айтып коеюн, Бакиев куулгандан кийин бул канал улутташтырылып  аны “парламенттик канал”  кылмай болушкан; Бердникова башында турган бул канал аты эле парламенттик болгону менен парламент буларды же каржылабай, же 80 млн сомго жакын карызы менен өз балансына өткөрүүдөн айбыгып, эски жамаат казанындагы болгон акчанын кырмычыгын кырып жеп, эчтеке калбай калганда экс-ажо, кыргыздын тунгуч “миллионери”  Атамбаев  “Апрель” деген телеканал ачып ошол жакка  көчүп кетишкен. Аңдап-байкап көрсөм, телеканалда рекламалык рынок нөл, карызы болсо дээрлик 80 миллион, эми эр болсон  муну иштетип көр.

Барган чогулушумда, катышкан жыйындарымда  айтып келем, “өкмөт, фуги муну иштетебиз деп чечтиби, анда каражатын чечсин, банкрот деп таап, аны бирөөгө сатабы; же өзү колдоп мыйзамдуу  каржы  таап береби чечсин, жамаат бекер иштемек беле” деген мааниде кулак кагыш кылганымдан тарта, каржы министрлиги, маданият министрлиги кыймылдап акча бөлүшкөн.  Ал акча кайсы бир Айдарлардын,  Максимдердин, Матраимовдордун акчасы эмес, министрликтердин эсебинен өткөн, тийиштүү чондору кол койгон документалдуу тастыкталган каржы булагы.   

Бул деген – Бешинчи каналдын ар бир кызматкери   кандайдыр шектүү арам акчалар менен эмес,мамлекеттик контролдо турган акчаларды маяна катары алып, үй бүлөсүн адал оокат менен багып келе жатат деген кеп. Менин айтаарым, Америка жарандарынын төлөгөн  салыгынын эсебинен “Азаттыктын” жамааты  айлык алып бала чакасын бакса боло берет, а Бешинчи каналдын жетекчиси катары мен ар кайсы Айдардан, Максимден үмүт этпей,  “жамаатымдагы кызматкерлериме, экс-азаттыкчыларыма айлык берейин” деп өкүмөттөн түз эле, ачык эле  акча сурасам неге болбосун?.. Контентти бейтарап кылалы, ар кайсы ак үй, көк үй, жашыл үй, сары үй сыяктуулар..редакциялык саясатка жөнү жок мурдун тыкпасын, бирок акчаны да  өкмөт эл төлөгөн салыктан бизге берсин, анте калбаса каналды жаап салсын,  бу нерсе кудум эле  “Азаттыктын” бюджетине үндөш эле болуп атпайбы, менин  так  позициям ушундай.  Бул – Бешинчи каналды  ким каржылап атат?- деп жок жерден кычыгандарга  түз жооп.  

Али иним сага айтам,  “Азаттык” сен ук!

Али иним, түз айтканда  мен сенин кыял-жоруктарың, мүнөзүң, ар кандай шарттарда адамга жасаган мамилең кандай экенин билбейм, бирок өз ишиңе кылган кумурскадай мээнеткечтигиңди, изденүүңдү сыйлайм. Бул – пафосу, пахтасы жок менин сага тан берүүм.  Азыр экөөбүзгө тең  чон сыноо келди иним, сен иштеген радиону “Атамбаев  сатып алды..” деп имиш кылышып, анын акчасын Венера Жуматаева экөөң бөлүшүп алгандан бетер шекшишип;   мен иштеген каналды “Раим миллион сатып алды..” деп айгай салышып, анын пулун Нарын Айып, Эльнура Алканова үчөөбүз бөлүшүп алгансып күмөн кылышып,..  кыскасы  айрыкча  сен  экөөбүздүн кулагыбыз эки  “миллионердин”  айынан  алмак-салмак кызып турган маалы. 

Мен өзүм тарапты абийриме салып айта турган болсом,  Раим миллион деген лакап аты бар киши менен өмүрүмдө бет мандай  келишип, сүйлөшкөн эмесмин, той-топур, аны мунуда да эч кезигишпептирмин.

Журналисттик ишимде алакалашып, маек деле албаптырмын.  Гуглдан сүрөтүн издесең  4-5ке жетпеген сүрөтү бар экенин, кечээ жакында  суфлерду карап Атамбаевге карай айбат кылган видеосунан “тирүү” мимикалары, кабак-кашы, көзү-башы кандай экенин өмүрүмдө алгачкы ирет көргөнүм ошол болуптур. А агасы Искендер Матраимовду менин иш бөлмөмдө Нарын агай үчөөбүз олтурганда шапылдап кирип келгенде жанынан алгачкы ирет көрүп, алгачкы ирет саламдаштым.  Бул жагы го бул болсун,  ар кайсы фейктерге, атамбаевчил агониянын ачуусуна алдырган тараптарга кошулуп, сен деле, жетекчи башы менен (бир кезде  мен жетектеген КТРдеги “Замана” студиясында иштеп кеткен)  Айзада Касмалиева  деген карындашым деле  түз  айтпасаңар да, кыйытып, жандатып, сыйкатып   “Бешинчи каналды  Матраимов  сатып алганбы?...”  деген таризде бөөсүп, өзүнөр гана көргүңөр келген чындыкты “көрүп”,  дүйнөнүн бар чындыгын  биротоло   монополдоштуруп,  а башкалар  “бирөөнүн эсебинен жан баккысы келген күчүктөргө” (с)   айланганы кызык болууда.     

Фейктерге эми айла жок, бирок “Азаттыктагы”  акылы тетик, ою тунук инилерге, агаларга, карындаштарга, эжелерге  Раим миллион темасы тууралуу Бешинчи  каналда  кеп козгогондордун  дээрлик баары  мурда “Азаттыкта” иштеген журналисттер экенин так  жеткирип койчу иничек.  Мына  карап көр: 

**  “Апта сереп” программасынын  алып баруучусу Шайырбек Эркин, “Главные итоги” долбоорунун  алып баруучусу Нарын  Айып  жана ал программалардагы иликтөөнүн  автору Эльнура Алканова  да “Азаттыкта”  иштеп кеткенин жакшы билесиңер, көрсөтүүнү көрүү үчүн ылдыйдагы шилтемени басыңыздар: 

https://www.youtube.com/watch?v=Z4uCzsuNVg4   (Кыргыз тилинде) 

https://www.youtube.com/watch?v=-dRrD_xiyQA    (орус тилинде)   

**  Ал эми төмөндөгү “Күнөзөк”  жана “Ой бугүн”  көрсөтүүсүнө  келгендердин бири Айданбек Акматов да “Азаттыкта” көп жыл иштегенин билесиң, анын:   “..банк купуялуулугу деген бар. Банктагы жашыруун маалыматтарды көрүнөн эле катардагы журналисттерге кармата беришпейт. Азаттыктын иликтөөсүндө Алиге маалыматтарды  кимдер бергени сырдуу болууда..” деген  субьективдүу  оюн   биз  Айданбек  мырзага  “айт!” деп мажбурлаган жокпуз,  менимче  Матраимовдор деле ага  акча берип айттырбаган чыгаар деп ойлойм. Видеолорго шилтемелер ылдыйда: 

https://www.youtube.com/watch?v=AIY0KknL8mo    (Кунөзөк) 

https://www.youtube.com/watch?v=yLlLCtFn0bM   (Ой бугун)

**   Ал  эми “Ой бүгүндүн”   жакындагы эле  чыгарылышына   “Азаттыкта”  көп жыл иштеген, бейтарап  мүнөзү, кыял-жоругу бар журналист  Эсенбай  Нурушев келип,  Матратимовдор тууралуу, “Азаттыктын”  иликтөөсүндөгү алешемдиктер  тууралуу  эмне  дегенин   өз көзүнуздөр менен көрсөңөр, уксаңар болот. Менимче  Матраимовдор  Нурушевди   сатып алып   анан  ушинтип айттырбаса  керек, айтор  жакшылап караныздарчы  шилтеме аркылуу  кирип:  

https://www.youtube.com/watch?v=661KmyiuaLY&list=PLqleFzwT6CQjoD6rE46OXMdwcaj3RGthO&index=92&t=0s

Али  иним,  өзүң да  биздин студияга  келгенде  Искендер  Матраимовдун   көзүнчө  “мен жанагы шектүу миллиондорду  Матраимовдордуку  дегеним жок, болушу мүмкун деп шектенип атам..” дедиң.  Бул өтө  акылдуу  жооп болду, анткени шек башка, факт башка.  Бул деген сөз , “Али иликтөөсүндө  бүт баарын айтып келип,  Атамбаев менен байланышып жүргөн уйгурларды  эмнеге  камтып кеткен жок,.. демек Азаттыкты  Атамбаев  сатып алып койсо керек..” деп  шектенүүгө  толук болот, бирок  бул   толук   факты  эмес  дегендик.  Негедир шектенип  атам демиш болуп туруп, мисалы жөн гана    Адилет Айтикеевдин  былтыркы  постуна  таянып,  ал журналист жөн пост  жазган жок,  Атамбаев   илгери  Азаттыкты “сотко берем”  деп коркутуп койгондон бери радионун позициясы   саал жумшара түштү,   демек  радионун чондорун тымызын сатып алган болушу мүмкүн...-деп ойдо жок  “мүмкүндөрдү”  жоромолдой берсек  сөз  көбөйө берет. 

Эл арасындагы ар кандай имиштерди деле бир бирине токуп,   “ Азаттыктын чон шефи  Венера  Жуматаева  Прагадан Бишкекке  учуп келгенде  Фарид Ниязов озү аэропортко  такси жиберчү  экен..”  деген  тастыкталбаган   маалыматтарды  “мен ошентти  дегеним жок, болушу мүмкүн дедим деп шектендим ..” деп   урдура берсек туура  болобу? Болбойт.  Кантип эле  Батукаевдин чыгып кеткенин   Атамбаев  билбей  калсын,  мунун башында  өзү туруп, алчусун алды да...-деп логикага таяп  айтуу  да да болбойт, баарына факты,  далил  керек.    Бишкек ТЭЦ, Тарых музейдеги миллиондорду  да  азыр  ошого  шектелип   камакта олтургандар   өздөрү эле  жебесе  керек, баары  Атамбаевдин буйругу  менен  болгон иш чыгаар...-деп шектенүүгө  акыбыз бар, бирок  факты  керек.   Сен  жакында эле   маектешкен  Өмүрбек  Текебаев  да  ушул таризде  айтканын байкаган чыгаарсын? Шашып-бушуп, чампалап  күнөө  тагуу   болбойт  деген маанини  айтпадыбы  ал. 

Маек арасында  Өмурбек  Чиркешович  илгери “..кайсы бир жылы кайсы бир тараптар  кайсы бир олкодогу аэропортто токтоп турган     Боингде  4,5 миллиард   доллар  бар экенин айтып, ошону Кыргызстанга  алып чыгып берели,  10 процентин Кыргызстан өзүңөр  алып калгыла деди,.. мен  Атамбаевге  айтсам, ал 2 кундон кийин макул деп, анан кайра жок болбой  калды дешти. А эми болбосо болбой калды деп тим болгом. Бирок ошондон киийин килтейген жүк ташуучу боингдер Стамбулдан Бишкекке , Гонконгго  уча баштады..”  деди эле. 

Али иним ошерден дароо  “демек   баягы 4,5 миллиарддын 10 процентин Атамбаев  алышы мүмкун  деп шекшип жатасызбы?”   деп  неге  сурабады, неге  маектин  так ошол  жеринде   “болушу мүмкүн”  деген  шектенүү-инстинктиң  иштеген жок деген  ойдо калдым.  Шектене берсек, шектүү миллиондордун  изи  Кыргызстанда  көп эле  иним,   “Дамас” деген отелди  өмур бою  мамлекеттик  айлык менен жан баккан  Акылбек Жапаров  кайсы миллионуна  салды экен,  зангыраган соода жайларын  Нариман Түлеев   кайсы  кирешесине  курду  экен,  Салымбеков  кантип байып атты экен, Шаки кандайча  миллиондорду айлантып атты экен, ун бизнеси бар Чыныбайдын  тапкан-эткен миллиондору канчалык  таза болду экен,..  ордо калаада  биринен  сала бири  жабырап   салынып  жаткан соода  борборлорун, көп кабаттуу үйлөрдүн   түпкү кожоюндарынын  чыныгы декларациясы  кандай болду экен,  тиги шумдуктарды  кайсы  миллиондорго  салып жатты экен,..парламенттеги  депутаттардын  бизнестери, айдаган джиптери   кайсы булактардан  пайда болуп жатты экен..-деп  шектене  берсек,  “болушу мумкундөр”  жоопсуз  улана берет.  Сөздүн нокоту,  ошончо көп миллионерлерибиздин  арасынан  “эки миллионердин”  тирешүүсүнүн  куралы болуп,   “Азаттык”  силер Атамбаевдин  кылычын билинбей чаап,  Бешинчи канал байкабай  Матраимовдор кызыткан чогун кармап,  аягында  баарыбыз  бирөөлөрдүн  капканына  тушүп ит болбойлу, “жалданган күчүгү   болбойлу” (с)   деген эле  таза ниетим бар. 

Дагы бир ирет кайталайм,  “Азаттыктын”  азыркы   жамаатына  айтып кой,  Матраимов  темасын  Бешинчи каналда  айткан-деген, козогон  кишилердин баары  мурда  “Азаттыкта”  иштеген  кесиптештериңер экен, ( Нарын  Айып, Шайырбек Эркин, Эльнура Алканова, Эсенбай Нурушев, Айданбек Акматов)   аларды  “күчүк” деп шылдындасаңар, силер да  “Азаттыктан”  кеткен соң  силерди да  “күчүк”  деп  атаса жакшы болбой  калаарын  жакшылап  айтып эскерте көр!   Баары жакшы болот Али иним, сени  ар кандай  фейктер “Атамбаевге сатылыптыр”,  “Илгери СДПК деген партияга  мүчө болуп кирип, алигиче  чыга элек экен..”,   “эмки шайлоого атын чыгарып даярданып атыптыр..” деген   сыяктуу  “болушу мүмкүнгө”  барабар   шектүү   имиштерге   жеке  мен  ишенбейм, ишенгим да келбейт.   Илгери бир курдай   “Эрнис аке,  биз  сиздин көрсөтүүлөрду  көрүп, сиздей болгубуз келип чонойдук, сизди  урматтайбыз..” деген сыңар, мен да  сендей  көк жал, принциптүү  иним  бар экенине  сыймыктанам,  мага  болгон ошондой бааңдын демин суутпаганга аракет кылам;   журналисттик кайратын мокобосун, түгөнгөн сайын түтө, азайган сайын көбөй иним!   Сен экөөбүздү  пайдалангысы келген кандайдыр көрүнбөс  дөө-шаалар болсо, акыры жүрүп  алардын көзүн ойгонго, “эй, ушу кантип болсун!” деп үстөлдү бир муштаганга  духубуз-рухубуз жетет деп үмүттөнөм. 

P.S.  Менин телефон сүйлөшүүмдү  кимдер жаздырып, кескилеп алып коомго жайышы ыктымал?- деп ойлодум. Айрымдар шекшигендей  Матраимовдор менен аласа-бересем жок болгон соң, ким жаздырса  ошол жаздырбайбы,башытымды оорутуп  не кылам...-деген менен,  Али инимдеги  “болушу мүмкүн..”  деген инстинкт менде  да ойгонду.   Менде  төмөнкү версиялар:   

1). Кабинетимдин бир кычыгында  мен Бешинчи каналга  киришкенден тартып  жаздыруучу аппарат орнотулуп, бул “шедевр”  УКМКда экс-ажонун көздөй  кишилеринин жасаган иши болушу мүмкүн. 
2). Искендер Матраимов мени менен сүйлөшүп жатканда  муну алдын ала жаздырып, ал жазууну атайылап бир тараптарга берип, же ага байкатпай  кайсы бир тараптар алып тараткан болушу мүмкүн.   
3).  Орусиянын ФСБсынын   колу, акылы жетпеген тармак Кыргызстанда жок. Бул алардын иши болушу мүмкүн.  

 Канткен чакта да,  айнектелген офистерди салып, коридорлордун полдорун мизилдетип жаңылап,  кызматкерлерге гүл бакча куруп берсең да,  эфириң эл купулуна толбой турса баары кур бекер экенин КТРКны башкарып кеткен  жетекчилердин бири өзү журналист эмес, бирок менеджер досум Илим Карыпбековдун  башкаруу тажрыйбасынан  аңдадым.  Ошондон улам азыркы ишимде, маалыматтык-аналитикалык контентти толтурууда  бардык тараптарды эфирге чакыруу – каналдын негизги көзүрү  экендигин түшүнөм, кандай гана тоскоолдуктар, кыйынчылыктар болбосун ошого аракет кылам.  

Баарыңарды  урматтап Э.К.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости