www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө башын өйдө көтөрүп үн чыгарган тың чыкмалардын, жеке пикири барлардын, оюн ачык айткандардын баарын атамбаевдик мамлекеттик машина менен жапыра тепсөө планы ийгиликтүү түрдө ишке ашып бүтүп калды... Азыр Атамбаев ашчу ашуу, үстүнө чыгып барчу чокунун баары багындырылып болгондой, “мен кыйынмын” дегендин баарын чөгөлөтүп-тизелетип тынгандай,.. не шалдыроо, не магдыроо экени белгисиз тунжураган доордун араңжан добушу угулат.

Акаев, Бакиевди кетирген “ирэволюциялар”болгон менен Атамбаев деле алардан ашып түшпөгөн бир шоркелдей экендигин бүт баары ич ара көздөн түшүнгөндөй, “эми айтканда не..аянтка чыкканда не..” деген аргасыз шалдайган күндөр өтүп жаткандай белгисиздик башталгансыйт... Акаев кетсе эле, Бакиев кетсе эле өлкө гүлдөп өнүкчүдөй болгон баягы-баягы 2005-2010-жылдардагы чоң үмүттөр адамдардын көзүндө азыр негедир жок. Өчөйүн деп калган көздөрдүн нурсуз каректеринде азыр чарчоо, ишенбөө, баарынан тажоо бир өчүп, бир жанып араң бүлбүлдөйт. Бирин-экин чындыкты сүйүүчүлөр чыркыраса, Кыргызстандын бүт чындыктары атамбаевге паттенттелип бүтүп калгандан бетер, өз ою барларды, жеке позициясын билдиргендерди маскаралоо, кордоо, шылдыңдоо президенттин деңгээлиндеги кадыреселикке айланды. Ансайын коомчулукта “бириң өлүп, бириң кал” таризиндеги кайдыгерлик кулачын жайып, ар ким нан таап берчү жумушун ойлогон, айдын аягында тийчү айлыгын ойлогон, бала-чакасынын тамагын, кийимин, окуусун ойлогон , бизнесинин кирешеси менен чыгашасын ойлогон, мамлекетке күйбөгөн, ишенбеген эгоисттик ахывал түзүлдү...

Биз кайдан келдик, азыр кайсы чекитте турабыз,кайда баратабыз?-деген сыяктуу орчун суроолорго мамлекет да, мамлекет башчысы да салмактуу жооп бере элек. Бийлик менен оппозициядагы абройлуу фамилиялардын аброюна, даражасына карабай “экөөң тең астыма келип шүк олтуруп, сөзүмдү ук” дегенге шаасы жетчү калыс аксакалдар институту жок, данектүү сөзү менен баарын бир кончко тыгып уяткарып койчу жазуучу, акын,илимпоз, интеллигенттери жок куураган бир өлкө болдук. Ажыдаар системалар менен күрөшкөн бир кездеги “элдик баатыр” Атамбаев өзү ажыдаарга айланып, парламенттин ичиндеги да, көчөдөгү да оппозициянын баарын тымтыракайын чыгарып, “парламентаризмдин” күрмөсүн жамынган, айткан дегенинин баары “туп-туура” ХАН болду да калды.

Жамандыр-жакшыдыр Атамбаевдик бийликке альтернативдик сын айтып, анын биротоло бузулуп кетпегенине акыр аягына чейин үмүттөнүп “...президентти айланасындагылар эле бузуп жатат болуш керек, көзүңдү ач Атамбаев!” деп сын айтып келген башкы оппоненти, бир кездеги досу Текебаевди да УКМКнын абагына камап тынды. Кыргызстанды демократиялуу өлкө сыяктантып турган көзгө басар СӨЗ ЭРКИНДИГИН да муунтуп, журналисттерди четинен сотко берди. Айтор Атамбаев өзүнүн авторитардык кадамдардына тоскоол болгон бардык демократиялык, эркин көз караштагы атаандаштырынын баарынын башын кыя чаап олтуруп, абсолюттук бийликтин чокусуна койкоюп олтурду да калды. Кана эми Алмаз-ханга бирөөсү кың деп үн чыгарып көрсүн эр болсо?!..

Парламентаризмдин символу берчү парламентте депутаттар үн катпайт. Өкмөт андан бетер эчтекени байкабагандай “экономиканы көтөрүү” менен алек. Жер-жерлерде облус, район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары кагазда гана тирүү, чыныгы турмушта өлүк “өкмөттүк тапшырмаларды” чон жигердүүлүк менен аткаруу үстүндө. Соттор менен прокурорлор кабакты каадалуу түйгөн менен, көзүн чындыктан ала качып, “акыйкатты” колдон келишинче “коргомуш” этүүдө.

Улуттук коопсуздук кызматы улуттун гана кызыкчылыгын ойлогондой түр көрсөтүп, репрессиялык камчы менен өз арбайын согуп жаткан кез. Ажонун бир кездеги жан сакчысы башкарган ички иштер органы да “ички иштерди” катуу көзөмөлдөөгө киришти. Армия болсо өзүнүн тушонка, гречка, перловка жыттанган дүйнөсүндө катыра марш тээп жүрөт... Жыргализмби? Даана жыргализм, даана бейгамчылык!... А чын-чынына келгенде, бу тапта коомдун кабагы кирдеп турат. Азыркы өзүбүздү өзүбүз алдаган аргасыздык 2005-жылдын мартындагы, 2010-жылдын апрелиндеги бороон болоор алдындагы аргасыздыкка өтө-өтө (!..) окшошуп тургансыйт... Мына ошол жылдарда да президент деген “дракон” баардык оппоненттеринин көзүрдүк картасын утуп бүтүп калгандай, баарын шалдайтып жеңип алгандай кырдаал өкүм сүрдү эле. Азыркы саясый дымымайдын да түрү негедир башкача,.. Кыскасы, кыкеңдер айткандай, ички саясатыбыздын кабагы “чотонито”...

Эрнис Кыязовдун Фейсбук баракчасынан алынды; 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости