www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээтен бери СДПК партиясынан бактысы жанган, тагдыр экен Президенттин басма сөз кызматын жетектеп, жаш болсо дагы өз учурунда Алмазбек Шаршеновичге жагып, калдайган Ак үй тараптан орун алып Жогорку Кеңешке депутат болгон Жанар Акаев кызуу тулкууга алынууда. Жанардын СДПКдан ыргытылышы буга чейин эле тар чөйрөдө айтылып жүргөн. Канткен күндө дагы чындыкты айтып коюшум керек, Жанардын жанарын жандырган Алмазбек Атамбаев болду. Ошол жактарын дагы эске алышыбыз керек. Жанар албетте мыкты журналист, бирок мыкты саясатчы дегенден алыс болуш керек, деген пикирин билдирди Урматбек Акунов.  

Жанар Акаев эми эркин депутат болду, тизгин өзүнүн колунда, кааласа тартат, кааласа коё берет. Жанардын эркин депутат болушу жаңылык деле эмес. Эсиңердеби, убагында ЖК депутаттары Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановдор деле четте олтуруп калбады беле?

Ошондуктан “бөйрөктөн шыйрак чыгарып, кечээги окуяны талкуу кылыштын кереги деле жок. Анткени, “балашка” кетсе, “кызымка” келди. СДПКдан бир “Азаттык” чыгып, экинчи “Азаттык”  пайда болду. Эртең эле Аида Касымалиева “чындыкты айтпайт”, деп ким кепилдик берет? Мени бир айтты дейсиңер, чукул арада Чыныбай менен микрафон талашат. Аида тың кыз жана ал азаттыкта жүргөн журналист. Көп тилди билген журналист бир күнү тажагандан “тойдум байдын кызына” деп ачуу чындыкты айтат. Бирок кимиси кандай ээрге келбесин, кандай учур болбосун Атамбаевди сатпашы керек. Анткени, Атамбаевден эртеби-кечпи оомат кетет. Кечээги жакшылыкты бүгүн унутпоо адамдык чоң сапат. Ошондуктан Атамбаевдин артынан атагы чыккандардын накта жүзүн, бүгүн эмес эртең эле көрөбүз...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости