www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт жыйынында Өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүг бардыгын айтты. Анын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун көптүгү электр энергиясын экспорттоого шарт түзөт. Зилалиев учурда электр энергиясын сыртка сатуунун шарттары сүйлөшүлүп жатканын кошумчалады.Үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 908 млн куб метрди түздү. Суунун агып киргени секундасына 203 куб метр болсо, агып чыкканы 552 куб метрд өлчөмүндө эсептелди.

Бирок ошол эле учурда электр энергиясынын Кыргызстандын ичинде кымбат болушу да көпчүлүк элдин көйгөйү эмеспи, ири алдыда Кыргызстандын ичине арзан жана жетиштүү электр энергиясын камсыздап алсак болбос беле дегендер да жок эмес. Себеби экспорттон түшкөн акча толугу менен бюджетке түшүшүнө ишенбей жатышат, анын үстүнө арзан баада сатылса…

Шамил Карабала уулу

Последние новости