www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрылуу кайрыктары....

Өмүрбек Текебаевдин Жогорку кеңешке Кайрылуусун окуп чыктым... УКМКнын абагында жатып алып жазган Текебаевдин бул кулак кагышынын мазмунунунан кай бир окурмандар “өй..Атамбаев бери кара!” деген жеке тирешүүнү, жеке күрөштү гана көрүшү мүмкүн.

Бирок менин жеке баамымда, Текебаев бул ирет досуна да, касына да тартпаган, эч кимге кекенбеген, эч кимге таарынбаган, коркуп жаткандарды да, коркутуп жаткандарды да туура түшүнгөн, бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо качандыр бир күнү сөзсүз ишке аша турган , арканды узу-ун таштаган стратегиялык акылын, кеңешин кайрылууга ороп, ПАРЛАМЕНТТЕГИ мээси бар, өз акылына өзү ээ, эркин мүнөз депутаттар уксун, негизгиси ошолор түшүнсүн деп айтыптыр (алар түшүндүбү-жокпу, эгер түшүнсө дракондун каарынан коркуштубу бул башка маселе):

** Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылы бүтөт, а силерге добуш берген эл ар бириңерди депутат кылып 2020-жылга чейин шайлаган.

** Атамбаев кетерман президент, ал кетсе өлкө жоопкерчилигин силер алып, силер президенттик шайлоонун качан болоорун аныкташыңар керек болчу.

** А киши конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда “менин максатым өз бийлигимди чыңоо эмес” деп элди алдап, эми болсо парламентти таратып, өзү мөөнөтүнөн мурда президенттигин тапшырып, КСДПнын лидери катары парламенттин шайлоого катышып, КСДПнын этегине эрмешкен клон-партиялары менен көптөп зордоп шайлоодо “жеңип” келип премьер-министр болуп койкоюп олтуруп алып, конституцияда укугу кыскарган президентти да, баардык депутаттары бөжүрөп турган парламентти да, Сотту, прокуратураны, ИИМди, УКМКны, ММКны айтор баарын (!) мурункудай эле өзү башкарганы атат! Көздү ачсаңар боло, өө-өй депутаттар!.. - деген маанини айтыптыр Текебаев мырза.

P.S. Мурунку эки президенттин бийлиги керек болсо азыр эсирип “ мен кыйынмын, мен күчтүүмүн, мен баарын коркутуп коем!” деп өзүнө өзү өтө ишенип алган, бийлиги менен байлыгына аябай таянган “мульти-миллионер” Атамбаевдин бийлигинен да алдаганча күчтүү, кубаттуу болчу. Жеке өзүмдүн субьективдүү пикиримде, Текебаев тигинтип УКМКга камалбаган чакта деле, же мейли камалып ага эч ким көңүл бөлбөй койгондо деле, дракон-система өз башын өзү жеп жок болоорун кезинде “мен эле күчтүүмүн, мен эле кыйынмын!” деген Акаевдин, Бакиевдин мисалында көрдүк. Алардын бири азыр Маскөөдө, дагы бири Минскиде... Кыскасы, эч бир Текебаевдер, эч бир атамекенчилер же дагы башка укук коргоочу, активист жарандар кыйкырып чыкпаган чакта деле, “сиз эле жакшысыз, сиз эле туурасыз, сиз эле акылдуусуз!!!” деген мактоолор же көрүп туруп көрмөксөн, угуп туруп укмаксан болгон кайдыгерликтер, коркуулар, үркүүлөр,.. айтор ушунун баары чогулуп-чогулуп олтуруп көзү сокур, кулагы дүлөй ДРАКОНдун башын жутуп тынышат...-деген маани жатат көбү жаман көргөн, көбү жакшы көргөнТекебаевдин кайрылуусунда..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости