www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан дүйнөдөгү 50 жакыр өлкөнүн катарында эмес, бай мамлекет. Көмүскө экономиканы көрсөң көмкөрөңөн түшөсүң. Дүйнөлүк банк биздин Президенттин жетишкендиктерин көрө албай ич күйдүлүк кылып жатат. Кыргызстан дүйнөдөгү 178 мамлекеттин ичинен 136-орунду ээлеген коррупцияланышкан мамлекет эмес.

Transparency International биздин Президентке ич күйдүлүк кылып жатат. Кыргызстанда Грузиядагыдай реформа жүргөн жок дегендер терең жаңылышат. Саакашвили бизге суктанып жатат. Кайгуул милициясы пайда болуп акча алган ГАИлер калбай калды. Айып пулдун бардыгы мамлекеттин казынасына түшүп жатат. Бишкек шаарында коопсуз шаар деген проект ишке кирип кылмыш фактыларын ит менен издеп таппай калдык.

Кыргызстанда медицина тармагы толук реформаланды. Кесипкөй медиктер чет өлкөгө иштегенге кетпестен кайтып келе баштады. Аткезчилик менен келген дары-дармектердин жолу кан буугандай токтоп, эл сапаттуу дары менен камсыз болууда. Медицинадагы коррупция толук бойдон жоюлду. Мындай ийгилик дарыгерлердин айлык-акысын көтөрүнун аркысы менен мүмкүн болду.

Кыргызстанда энергетика тармагы толук коррупциялык схемадан арылды. Ширшовдун схемасы талкаланып, светке болгон баа кымбаттаган жок. Токтогул суу сактагычына суу толуп, светти коңшу өлкөлөргө экспорттоп жаткан чак. Кыргызстанда билим берүү ситемасында жүргөн реформа мурдагы советтик өлкөлөр үчүн үлгү болуп калды. Болон системасына өтүү менен өтө кесипкөй, адистешкен кадрлар даярдалып чыгууда.

Мамлекеттик университеттер АУЦА, КРСУ, Манас, Ата-Түрк өңдүү университеттерди абитуриентсиз калтырды. Жерүйдөн түшкөн акчага 100 мектеп куруп чатырда билим алган балдарды жылуу билим уясына киргиздик. Мугалимдердин айлык акысы ушундай деңгээлге көтөрүлдү дейсиң ипотекалык үйлөр калбай калды. Кыргызстандын тышкы карызы эки эсе өсүп дефолт коркунучу жаралган жок.

Дагы ушул Президенттин тушунда көбүрөөк карыз алып алгыла. Кийинки Президентке Кытай карыз бербей койсо эмне кыласыңар? Кыргызстанда кадр саясаты советтик мезгилден дагы ашса-ашты алды кем калган жок. Сталиндин "кадрлар барын чечет" деген сөзүн туу туткан Президентибиз бардык органдарга татыктуу кадрларды дайындай баштады. УКМК, ИИМ, Улуттук статистикалык комитет деги койчу бардык жерде алчы-таасын жеген кесипкөй адистер отурат.

Дүйнөлүк супер держава АКШда дипломатиянын маэстросу элчи болуп отуганы эле че стоит? Кыргызстан тышкы саясатта көп вектордуу ачык саясат жүргүзүүсүн улантууда. Акыркы алты жылда Президентибиздин аракетинин аркасында коңщу мамлекеттер менен ысык мамиле түзө алдык. Боордош Түркия бизге кыйын кезеңде 100 млн доллар бөлдү эле, биз аларга кыйын кезде колдоп турдук. Кыргызстан үчүн акыркы алты жылда Президенттин кылган жакшылыгы мунун менен эле бүтүп калбайт. Жазса узарып эле кете берет экен. Ушундай жетишкендиктерди көрбөгөн көрлөргө таң калбай койбойсуң. Кичине кудайды карап анан Президентти жана анын партиясын сындасаңар боло?

Калысбек Боронбаевдин Фейсбук баракчасынан алынды;

Булак: NazarNews.kg

Последние новости