www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкекте салют атылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

“Майрамдык салют атылат. Аны Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен уюштуруп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Фейерверк 9-май күнү саат 22.00дө "Жеңиш" аянтында атылып, жеринде милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына бапйланыштуу карантиндик чектөөлөрдөн улам массалык түрдө көчөгө чыгып майрамдоого болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости