www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР „Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө“, „Жарандык коргонуу жөнүндө“ мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу презиенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам 2020-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен инфекциялык оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу келип чыккан учурда чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилгенде адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөөлөрдүн тизмесин киргизүү каралган.

Андан тышкары, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам реакция кылууга башкаруу, күч органдарынын жана каражаттардын даярдыктарын камсыз кылуу максатында «Жарандык коргонуу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Сунушталып жаткан өзгөртүү боюнча зарыл болгон (адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген) учурда өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси адамдардын жана транспорттун өзгөчө кырдаалдын зонасына кирүүсүн убактылуу чектейт, өзгөчө кырдаалдын зонасында жайгашкан уюмдардын ишин убактылуу токтотот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости