www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Садыр Жапаров кыска мөөнөттө кээ бир президенттер беш жылда жасабаган иштерди жасады», - деди бүгүн, 6-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков
- Эсенгул агай, Кыргызстанда бийлик алмашканына бир жыл болуптур. Бийликтин алмашышына шайлоонун таза өтпөгөнү себеп болдубу же элдин чыдамы түгөнүп калганы негиз болдубу?
- Тилекке каршы, бийлик алмашкан сайын карапайым эл жабыркап, күткөн үмүт аткарылбай, бийлик башындагылардын сөзү менен иши айкалышпай отуруп, акыры 5-октябрь 2020-жылы таза шайлоо өтпөгөндүктөн элдин нааразычылыгы пайда болуп, ири толкундоолорго алып келди.
Бул күнү Ала-Тоо аянтына чогулган миңдеген элдин бийликти алмаштыруу ою жок болчу. Бирок президент баш болуп бийлик бутактагылар элдин сөзүнө, үнүнө жана шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу сунуштарына жооп бербей, калың элдин алдына чыкпай койгондуктан ойдо жок жерден эл бийликти алмаштырууга мажбур болду. Ооба, мажбур болду, себеби түнкү 22.00гө чейин президент тараптан жооп күтүштү. Андан аркысы белгилүү.
Айта кетчү нерсе - Садыр Нургожоевич Жапаровдун өлкө башкарып калуу, бийликке келүү ою жок эле. Садыр Нургожоевичке оң жагдайды ошол кездеги өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өзү түздү, элге чыкпай же телевидение аркылуу эл толкуганда шайлоо жыйынтыгын дароо жокко чыгарбай.
Демек, элге жаңы лидер керек болду. Ошондо Садыр деп ураан көтөрүп турган мекенчилдерге аянттагы калың эл коштоп, демилгени колдоп, Садыр Нургожоевичти абактан бошотуп, аянтка коштоп алып келишип президенттикке көрсөтүлдү.
Ошондон бери туура бир жыл болду, бирок мыйзамдуу ыйгарым укугуна ээ болгуча эмне деген интрига, бут тосуулар, Жогорку Кеңештин жыйынына кворум кылбагандары, кайра төңкөрүш жасап өз майлуу орундарына келүү аракеттери болуп атып, жарым жылы өтүп да кетти.
Ал эми жаңы редакциядагы Баш мыйзамыбызды кабыл алгандан кийин президенттик ыйгарым укугуна ээ болуп, иштей баштаганына беш айдын гана жүзү болду. Ушул кыска мөөнөттө кээ бир президенттер беш жылда жасабаганды жасады десем болот:
- Элге ачык жана жакын болуу максатында Жогорку Кеңештин тосмосун алдыртты, өзү Ак үйдөн баш тартып, Өкмөт үйүнөн орун алды;
- Жаңы редакциядагы Конституция кабыл алынды;
- Өз демилгеси менен Баш мыйзамга өзүнүн жана аткаруу бийлик бутагынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына жеке жоопкерчилигин киргизди;
- Шайлоодо болуп келген эң чоң коррупциялык схемасын, пропорционалдык системадан, преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү менен жокко чыгарды;
- Шайлоонун таза өтүүсүн жана админресурсун пайдаланбай турганын өз жоопкерчилигине алды;
- Мугалим, врачтардын, маданият, ИИМ кызматкерлеринин айлыктарын көбөйттү, көп балалуу үй бүлөлөргө жөлөк пул өлчөмүн көбөйтүүсү жана 1-октябрдан баштан пенсияларды алгылыктуу көтөрүү указын кабыл алганы болду;
- Турак жайга муктаж болгон бюджеттик мекемедегилерге, көп балалуу үй бүлөлөргө, мигранттарга ипотекалык насыянын пайызын 4%га төмөндөттү;
- Албетте, эң чоң жасалган иши - бул жеке саясий эрки менен «Кумтөрдү» кыргыз мамлекетинин башкаруусуна алганы болду;
- Маданият, спорт тармагын алгылыктуу колдогону;
Кандай чагымчыл сөз айтылбасын, эң туура чечим деп ойлойм, себеби ар бир эгемен мамлекеттин өзүнүн Конституциясы, мыйзамдары жашоонун башатында болуп, эч кыйшаюусуз аткарылууга тийиш, ал эми чет өлкөлүк инвесторлорго мыйзамды аттап өтүүгө, жаратылышты талкалоого, экологияны бузууга жол бергендер акыры жоопко тартылууда жана дагы тартылат. С.Н.Жапаров инвесторлорго каршы эмес, ал кыргыз элинин байлыгын тоноого жол бербей мыйзамды аткарууда.
Булак: NazarNews.kg