www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Алдыда боло турган шайлоо эл үчүн да, шайлоочулар үчүн да, бийлик үчүн да оор сыноо болот», - деди бүгүн, 6-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине саясат таануучу Бакытбек Жумагулов.

- Бакытбек мырза, 2020-жылы 5-октябрда бийлик алмашууга ыплас өткөн шайлоо себеп  болдубу же ал - элдин чыдамы түгөнүп калган үчүн болдубу?

- 2020-жылы 5-октябрда аянтка чыккан жаштар Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Анткени ыплас шайлоодо сатып алуу, админресурс колдонулуп, жыйынтыгында бийликтин партиялары өтүп кеткен.

Чындыгында шайлоонун жыйынтыгы шылтоо гана болду, андан мурун эле элдин кыжыры кайнап калган. Шайлоо мыйзамга каршы жана эч кандай эрежесиз өттү. Акча таратуу, мыйзам бузууларды көрмөксөн болуу элдин нааразычылыгын чегинен чыгарды.

Кандай сонун парламент болсо да мындай мамлекеттик башкаруунун түрү системаны кризиске алып келди. Саясий партиялардын кризиси, саясий элитанын жоголушу жана эч ким жоопкерчиликти албаган кырдаал түзүлдү.

2021-жылдын жазы Кыргызстанда жаңы президент болсо да, 10-20 жылдап бийликте отургандар эски кадрлар өз багытын бербей, баары бир, бизнестерин ишке ашыруу менен бийликке жолтоо болоорун көрсөттү. Ал эми олигархтарга таянган президент көпкө турбай тургандыгын революция көрсөттү. Бийликтин негизги таянычы эл болушу керек.

- 28-ноябрда өтө турган шайлоо мандат талашкандардын күрөшү болобу же жаңы менен эскинин таймашы болобу?

- Алдыдагы парламенттик шайлоодо жаңы менен эскинин күрөшүн көрөбүз. Ошондой эле, бул шайлоо бийликке да, элге да сыноо болот. Тагыраагы, бул элдин саясий жактан жетилгендигин сыноочу экзамен болот десек туура болчудай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости