www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2022-жылы бюджеттик органдар 46 миллиард 101,7 миллион сомду туура эмес колдонгону аныкталды. Бул туурасында Эсеп палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 1 666 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр текшерилип, 404 каржылык тартип бузуу табылган. Аныкталган сумманын 15 миллиард 544,3 миллион сому калыбына келтирилүүгө тийиш. Учурда анын 7 миллиард 174,8 миллион сому ордуна коюлган. Калган акчаны кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Эсеп палатасынын жазма буйруктарынын негизинде ишиндеги алешемдиктер үчүн 22 кызматкер ээлеген ордунан бошотулуп, 15ине тартиптик чара колдонулганы белгиленди.

Ал эми укук коргоо органдарына 14,9 миллиард сом, 84 миң доллар жана 927,5 миң евро суммасында аудиттин 89 материалы жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө бул боюнча 30 кылмыш иши козголуп, тергелип жатат, дагы алты материал сотко жиберилген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости