www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын мекенчил мыкты жигиттеринин бири Маркабаев Эрмек Карасаевичти Алматыда казактын укук коргоо органдары, ал жетектеген базарды тартып алуу максатында "подстава" кылышып камакка алышты! 

Ал тээ жаш кезинен тартып казак жергесинде "Алтын-Орда" базарын түптөлүшүнө салым кошуп, ак эмгегин кылып келген. 2011-жылы Алматы калаасындагы "Алтын-Орда" базарынын ээси, Эрмек Маркабаевдин жездеси Алтынбек Альпиевди өлтүрүп кетишкен. Андан соң базарды рейдерлик жол менен тартып алышкан. Ошондон соң Эрмек мырза Кыргызстанга кайтууга аргасыз болгон. 

Кыргызстанда "Сары-Өзөн" базарын ачып иштейм дегендерге шарт түзгөн. Бир жылдан бери Эрмек Маркабаев Алматыда "Алтын-Орда" базарына кайрадан түптөп, дүңгүрөтүп иштетип жаткан. 

Аны кечээ жакында "Алтын-Орда" базарынын талашы үчүн, акылга сыйбас жагдайлар менен кармап кетишкен. Кандай болсо да кыргыз азаматын, татыктуу уулунун укугу тебеленип, көз жаздымда көп жылдык эмгеги унутулуп, жаманатты кылгысы келгендердин максаты Маркабаев гүлдөтүп койгон базарды кайрадан тартып алуу планы иштеп жатканы көрүнүп турат. 

Маркабаевди кармоо учурунда "подстава" кылып, ага баңгизатты салып жатканы боюнча видеодо баары айкын көрүнүп турат. Андыктан, бул боюнча акыйкат иликтөө жүрүш керек.

Анткени, Алматыдагы «Алтын-Ордо» базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаевдин кармалышы боюнча казак сегментинде “подстава” болгону тууралуу алматылыктардын пикирлери байма-бай жарыялана баштады.

Анда жөн жай тургундар ишкерди кармоо учурунда күч структарысынын кызматкерлери анын унаасына атайылап баңги затын салып коюшкандыгы, бул анын ишкерлигине байланыштуу болгону айтылып жатат. 

Чынында эле Эрмек Маркабаевдин кармалышы боюнча бир канча күмөндүү жагдайлар бар. 

Биринчиден, аны кармоо учурунда көлөмү ширенкенин кутусундай болгон ак пакетти ошол оперлердин бири чөнтөгүнөн алып чыгып жатканы капыстан кармоого күбө болуп калган айымдын телефонуна түшүп калганын көрүүгө болот. Анда күбө айым азыр эле анын көзүнчө адамды оперативниктер "подстава" кылып, ага кайсы бир затты кармоо учурунда салганын айтып жатат. 

Экинчиден, анын кармалуусу боюнча расмий ички иштер же коопсуздук органдары маалымат берүүдөн дээрлик жарым сутка кармалганы эмнени каӊкуулайт?

Үчүнчүдөн, казакстандыктар "Тик-Ток" аркылуу Эрмек Маркабаевди кармоо учурундагы видео “Казахстанда Алтын-Орда базарын басып алган кыргыз мафиясынын бастыгы усталды” деп чагымчылдык мүнөздөгү тема менен жайылтылат. Бул албетте эч бир чындыкка коошпогон, эки элдин кастыгын ойготкон, чагымчыл мүнөздөгү атайын жасалган маалыматтык чабуул экени айдан ачык.

Андыктан, Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилери, тиешелүү укук коргоо органдары дагы бул ишке кайдыгер карабастан, кыргыздын мекенчил жигитин жаманатты кылдырбай укуктук көмөк көрсөтүп, бошотуп келиши парз.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости