www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле Кыргызстан Өзбекстанга өткөрүп берен Кемпир-Абад суу сактагычына коңшулар көз жоосун алган туристтик өзгөчө жай курганы жатышат.
Башкача айтканда, Өзбекстан Анжиян облусундагы аймакка көбүрөөк туристтерди тартуу максатында "Өзбекстандын жаңы көлү" деп аталган уникалдуу долбоор башташканы маалым болду.
Кемпир-Абад суу сактагычына жасалма пляждарды, дарыяларды, сейил бактарды, ресторандарды жана китепканаларды, ошондой эле Борбордук Азиядагы эң ири жасалма аралдарды куруу максатында 250 миллиард сум инвестиция жумшап жатыптыр.
Бул долбоордун бүтүшү менен Өзбекстанга туристтердин агымы бир топ көбөйөт деп күтүлүүдө. Учурда Өзбекстанга жылына 6 миллионго жакын турист келээри, бул сан жакынкы 5 жылда 20 миллионго чейин көбөйөт деп максат кылышууда.
Мына эми Кемпир-Абадды көргөн сайын ичибизден кан өтүп, бармак тиштеп отура турган болобуз.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычына эч кандай курулуш иштерин жүргүзүлбөйт деп макулдаштык деди эле. Мына расмий ратификация болгон соң, биздин талап суу кечпей калды. Ошондой эле болмок. Анткени, жер, суу сактагыч алардыкы. Эмне кылса өздөрү билет. Жакында, сууну бойлото зым тор тосот. Эч ким тоспо деп айта албайт. Сууну сурап, жадырап алабыз. Суу жетпей далай шорлойбуз...
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg