www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эшимкановдор журналисттик бир муундун сап баштары эле

Совет мамлекети ыдырап Кыргызстан да көз карандылыкка жетишип, өз алдынча мамлекет болгон соң, журналисттик тармак да өнүгүүнүн өз жолуна түшкөн. Бийлик гезитинен өзгөчөлөнүп жаңы системадагы  Мелис Эшимкановдун “Асаба”(кийин “Агым”), Чолпонбек Абыкеевдин “Аалам” (кийин кыргыз жигити Шамшыбек Медетбеков сатып алып өзбекче “Олим” деп чыгарып түбүнө жетти), Султан Раевдин “Кыргыз Руху” (кийин 2012-жылы Арстанбек Дүйшөмбиевди жалган жерден камап “Кыргыз Рухун” жапкан, Арстанбек Дүйшөмбиев акталып чыкты, гезит ошол бойдон калды) өзгөчө болуп чыга башташкан. Албетте, бул гезиттер ошол кездеги дүйнөлүк эркин гезиттердин катарын толуктап, алардын жолу менен чыга баштаган гезиттер эле. Айрыкча ошол мезгилде орус тилдүү эркин гезиттер ээ-жаа бербей кеткендиктен, “Асаба”, “Аалам”, “Кыргыз Руху” бул гезиттердин кыргызча көчүрмөлөрү катары да чоң роль ойной башташкан.Сөз жок, изденүүлөр, жаңы табылгалар чыкпай койгон жок. Алсак, сүрөт чеберчилигинин ээси, учурда “Жаңы Ордо” гезитинин Башкы редактору Бекен Назаралиев “Кыргыз Руху” гезитине  Кыргызстанда биринчилерден болуп коллаж түзгөндү баштап, бул демилгени “Асаба”, “Аалам” гезиттери улантып кеткен. Бул гезиттерде Башкы редакторлук кызматты аткарышкан Мелис Эшимканов, Эрнис Асек уулу (Эшимканов), Чолпонбек Абыкеев, Султан Раев, Арстанбек Дүйшөмбиев, Кенжебек Арыкбаев, Айзада Абасова, Айзада Көчкөмбаева, Талант Конокбаев жана башка таланттуу адамдар болушкан. “Асаба”, “Аалам”, “Кыргыз Руху” гезиттери азыркы муундагы калемдештерге  жарык чачкан чыгаан замандаштар Шайлообек Дүйшеев, Алым Токтомушев, Түгөлбай Казаков, Султан Раев, Чолпонбек Абыкеев, Бекен Назаралиев, Элнура Кулуева, Канышай Мамыркулова, Төлөгөн Карыкеев, Асыран Айдаралиев, Султан Жумагулов сыяктуулардын калемин курчутса,  чыгармачылык чөйрөгө мурдунан сүйрөп: Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Рыскелди Момбеков, Жылдыз Мусабекова сыяктуу бир топ саясатчыларды алып келди. Бүгүнкү кыргыз журналистикасында бекем Башкы редактор болуп турушкан Бекен Назаралиев, Кенжебек Арыкбаев, Арслан Сартбаев, Аскер Сакыбаева, Салтанат Кыдырмаева, Азамат Кыязов жана башка көптөгөн калемгерлерди  “Асаба”, “Аалам”, “Кыргыз Руху” гезиттери берген.

Мелис Эшимканов, Алым Токтомушев, Султан Жумагулов, Айзада Абасова, Калил Жамгырчиев сыяктуу алп калемгер тиги дүйнөгө ала салып кеткен. “Могикандын акыркысы” дегендей бир муунду жетелеп келген “Асаба” гезитинин Башкы редактору Эрнис Асек уулу дүйнө салды, ал 25 жылдан ашуун журналистика тармагында эмгектенип келген. Эрнис Асек уулу учурунда “Асаба” (бул гезитти жаптырган соң “Агым”) гезиттеринин башкы редактору, акыркы жолу “Баягы Асаба” гезитинин башкы редактору болуп, андан соң котормочулук менен алектенип жүргөн.

Элпек, жеңил калемгер, бирок оор ойлорду тартуулаган маркум Эрнис Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси болгон, быйыл туура 50 жашка чыкмак. Анын сөөгү кичи мекени Ат-Башыга коюлат. Мелис жана Эрнис Эшимкановдун туугандарына жана жубайы кесиптешибиз Назира Саалиевага терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Жаткан жери жайлуу болсун!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости