www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев 9–10-октябрда Бельгиянын Брюссель шаарында өткөн «Global Gateway» форумуна катышты. Иш-чаранын алкагында «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланып, Европа Биримдиги долбоорду колдоого жана аны каржылоого даяр экенин билдирди.

ЕБ Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанга долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы 2,4 миллиард доллар бөлүүгө макул болду. Анын ичинен Кыргызстанга 1 миллиард доллар бөлүү каралып, ушул багытта эки маанилүү Меморандумга кол коюлду.

Биринчи документке Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда кол коюлуп, долбоорду 500 миллион АКШ долларына чейин каржылоо макулдашылды.

Экинчи Меморандум Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлүп, анда дагы 500 миллион долларга чейин каражат бөлүү каралган.

«Global Gateway» форумуна дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн жогорку даражалуу өкүлдөр, бизнес жана каржы уюмдары катышып, эл аралык экономикалык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Последние новости