www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин БРИКСтин кезектеги саммитине катышуу үчүн Индиянын Нью-Дели шаарына келди. Эл аралык форумдун алкагында ал журналисттерге бир катар билдирүүлөрдү жасады.

Орусия лидеринин сөзү:

- Европалык аскерлердин Украинага киргизилиши Орусияга согуш жарыялоо менен барабар болот;

- Европа өз өлкөлөрүн Орусия менен согушка түртүп жатат, ошол эле учурда Москванын мындай жаңжалга баруусу үчүн эч кандай негиз жок;

- Батыш 2014-жылы Киевде болгон кандуу мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Украинаны НАТОго киргизүүнү өзүнүн максаты кылып койгон;

- Европада болуп жаткан окуялар, анын ичинде Германия үчүн Альтернатива партиясынын жеңиши, Батыштагы глобалисттердин саясат, коопсуздук жана экономика тармактарындагы системалуу каталарынын натыйжасы болуп саналат;

- Орусиянын «Чоң сегиздикке» (G8) катышуусу өлкө үчүн толук кандуу мүчөлүк болгон эмес;

- СССР тарагандан кийин Батыштагы глобалисттер өздөрүнө бардык нерсе уруксат берилгендей сезишкен, алардын кетирген каталары бүгүнкү күнгө чейин топтолуп келүүдө;

- Орусия энергетикалык ресурстарын рыноктук шарттарда түзүлгөн баалар менен сатат. Европанын энергетика тармагындагы каталары европалыктар үчүн газдын баасынын мындан ары дагы өсүшүнө алып келет. Анын айтымында, Европада газдын баасы 1 миң кубометр үчүн 1 миң 500 долларга жетет.

Эске салсак, БРИКС уюму 2006-жылы түзүлгөн. Алгач анын курамына Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай кирген. 2011-жылы Түштүк Африка Республикасы кошулган. 2024-жылы Египет, Иран, Бириккен Араб Эмираттары жана Эфиопия уюмдун толук кандуу мүчөлөрү болушкан. Кийинчерээк Индонезия да кошулган. Ал эми Сауд Арабиясы уюмга кошулуу үчүн чакыруу алган.

Последние новости