www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык белгилүү продюсер Максим Фадеев өзү продюсерлик кылган Наргиз Закирова аттуу ырчы кызына “Голос” долбоорунун Кремлда өтө турган беш жылдык концертине ырдоосуна тыюу салды. Себеби, продюсер Наргиз Кремлде бекер иштешине каршы. Бул тууралуу Фадеев: ““Биринчи канал” “Голос” долбоорунун бардык катышуучуларын чакырып концерт уюштуруп, анын аркасы менен билеттерди сатып акча табууда. Бирок, ырчыларга бир дагы сом гонорар төлөшпөйт. Буга чейинки концерттерге катышканда да төлөшчү эмес жана төлөбөй эле келишүүдө. “Биринчи каналдын” концерттери ырчылар үчүн кайрымдуулук концерттердей эле” деп билдирип, бул канал менен жетекчилик алмашканга чейин кызматташууну токтотууну кошумчалады.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости