www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жылы 24-майда Сузактын Кыржол айылында болгон жер көчкү. Өзгөндүн Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү түшүп, бир үйдү басып калды. Бул тууралуу өлкөнүн Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ал үйдө бир үй-бүйлө, үй ээси жубайы менен жана төрт баласы болгон.

«Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында алдын ала алынган маалымат боюнча 2017-жылдын 26-мартында түнкүсүн Ничке-Сай айылынын Топ-Жангак участкасында узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 мер чейин жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, Эгемкулов Өмүрбекке таандык турак-жайды 6 адамы менен (үй ээси, аялы жана 4 баласын) басып калган. Учурда турак-жай жана каза болгон жарандар такыр көрүнбөйт. Жер көчкү жүрүү коркунучу дагы деле сакталууда. Көчкү түшкөн адырдын арткы бетинде 1 турак жай бар. Азыркы учурда ошол үйдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү жумуштары жүрүп жатат»,-деп айтылат Ѳзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Учурда министрликтин куткаруу кызматтары окуя болгон жерде иш алып барууда. Аталган аймак районун борборунан 31 чакырым алыстыкта, анын ичинен 5 чакырым аралыкка унаа бара албагандыктан жөө же атчан баруу керек экен.

Кыргызстанда жаз алды менен сел жана жер көчкү коркунучтары күчөйт. Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүүлөргө карабастан табигый кырсыктар күтүлгөн аймактарда миңдеген кишилер жашап келе жатканын айтып коңгуроо кагып келүүдө.

Маселен, 2015-жылы 24-майга караган түнү Сузак районунун Кыржол айылында жер көчкү жүрүп, 5 үйдү короо сарайларды жана мал жандыктарыменен басып калган. Натыйжада 6 адам каза болуп, бешөө ооруканага түшкөн эле.

Булак: "bbc.com"

Последние новости