www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медицина илимине жол салган Абу Али Ибн Сина өзү жашаган кылымдарда "кара өлүм" каптап, калайык калкка төмөнкү акыл сөздөрүн айткан экен:

- Оорудан дарыгерлер да корксо, анда дүйнө кандай болуп калат?!

-Оору коркокторду издейт!

-Дүрбөлөңгө түшүүнүн өзү жарым оору.

-Бир адам сыяктуу эле эл да ооруйт. Бир адамды дарылагандай эле элди да дарылап айыктырыш керек.

-Үйдө отуруп көңүл ачкыла "кара өлүм" музыка менен көтөрүлгөн көңүлдөн качат!

- Оору күчөгөн жерде убактылуу базарларды жана мечиттерди жабыш керек. Ар ким өз үйүндө калып сыйынсын.

-Топтошуп жүрбөгүлө, ушундай кырдаалда  коркуп үркүүдөн оору ого бетер күчөөрүн жана эл аралыкты сактап, вирустун бири бирине жугушуна жол бербей тазалыкты да сактаса эле ооруну жеңсе болоорун Ибн Сина айтыптыр. Ал эми буга түшүнбөгөн, түркөй, чагымчыл кишилер дарыгердин каарына калган дешет.

Ошондой эле Ибн Сина инфекциялык ооруну алдын алуу үчүн адырашман чөп тууралуу айтканы бар.

Азыркы учурдагы коронавирус апаат-оорудан коргонунун жолу илгери кандай болсо азыркы учурда деле ошондой.

Алсак, Ибн Сина 980-жылы 16-августта Бухара калаасына жакын жайгашкан Авшан деген жерде жарык дүйнөгө келген.

Картинки по запросу "ибн сина"

Анын толук аты - Абу Али эл-Хусейин Ибн Абдуллах Ибн Сина. Батышта Авиценна деген ат менен таанымал болгон. Ал эми улуту тажик болгон деген сөз эл оозунда дагы деле айтылып келе жатат.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, ал өз эмгектерин негизинен медицина, физика, астрономия жана философия багытында жалпысынан 250дөн ашуун китеп жазып, бирок 160тай эмгеги гана жеткен.

Картинки по запросу "канон ибн сина"

Эң алгач басма станок ойлоп чыгарылган маалда, "Канон" китеби биринчилерден басылып чыккан китептерден болгон.

Картинки по запросу "канон ибн сина"

Бул китеп энциклопедия түрүндө байыркы грек дарыгерлеринин айтуусу менен жана араб медицинасынын жетишкендиктеринин жана тажрыйбаларынын негизинде жазылган. "Канон" эмгеги кийин 12-кылымда латын тилине которулуп, батыштагы медициналык жогорку окуу жайларында да негизги окуу куралы катары окутулуп келген.

Картинки по запросу "канон ибн сина"

5 томдон турган китепте фармакология боюнча маалыматтар чогултулуп жазылган.

«Дарыгерлик илимдин канонунун» 1-китебинде медицина илиминин теориялык маселелери каралып, ал китеп төрт бөлүктөн – киришүү, анатомия, физиология, оорунун белгилери же симптоматология, диета, оорунун алдын алуу же профилактика жана жалпы терапия бөлүмдөрүнөн турат.

2-китеп адам баласы ооруган мезгилде колдонулуучу дары-дармектер, аларды даярдоонун жолдору, кайсы учурда кандайча жол менен ал дарыларды пайдалануу керек экендигин көрсөтүүчү суроолорго арналган.

3-китеби медициналык патология жана терапия маселелерине арналып, плеврит, пневмония, дизентерия, ошондой эле көздүн сезгениши, кулак-мурундун, тамактын, ооз көңдөй оорулары ж. б. тууралуу жазылган.

4-китебинде хирургия жанаа косметиканын орчундуу маселелери изилденип, семирип кетүүдөн сактоонун жана өтө арыктап кетүүдөн дарылоонун жолдору айтылган.

5-китебинде дары-дармекти жасап чыгаруу, аларды колдонуу жолдору жазылган.

Ибн Сина байыркы улуу дарыгер  Гиппократты өз устатым деп айтканы менен, бирок, анын көптөгөн ачылыштарына көп өзгөртүүлөрдү киргизген. 

Картинки по запросу "гиппократ"

Авицинна эң алгач эле кант оорусуна чалдыккан адамдын заарасында канттын курамы болоорун баамдап, таап чыккан.

Белгилей кетсек, Ибн Синанын кант оорусу боюнча айткан түшүндүрмөлүн 700 жылдан кийин окумуштуу Томас Уиллис тарабынан да ырасталган.

Картинки по запросу "сахарный диабет"

*** Операцияларда оорулууга наркоз берүүнү Ибн Сина ойлоп тапкан.

Картинки по запросу "наркоз"

*** Медициналык аспаптарды стерилизациялоо иши да ага таандык.

Картинки по запросу "стерилизация медицина ибн сина"

*** Ибн Сина көзгө көрүнбөгөн оору козгоочу «вирустар» тууралуу пикирди дүйнөдө биринчи болуп билдирген.

Картинки по запросу "вирус"

*** Авиценанын «вирустар» тууралуу пикири тууралуу 800 жыл өткөн соң гана француз окумуштуусу, биолог Луи Пастер Ибн Синанын «вирустар» тууралуу гипотезасын, алардын сууда эле эмес, абада да жашай тургандыгын далилдеп чыккан.

Картинки по запросу "Луи Пастер"

Эске сала кетсек, Аристотель менен Галилей канды рухтун жайгашкан жери деп айтышкан.

*** Бирок, Ибн Сина кандын рух жайгашкан жер эместигин, кандын азык зат алып жүрүүчү суюктук болгонун айткан. Картинки по запросу "кровь"

*** Улуу дарыгер кичине жана чоң кан айлануу системалары менен жүрөктүн ички жана сырткы системалары жөнүндө дүйнөдө эң биринчилерден болуп илимге киргизген.

Картинки по запросу "кан айлануу системасы"

*** Ошондой эле Ибн Сина көз булчуңдарынын түзүлүшүн сыпаттап жазган алгачкы дарыгер болгон. 

Картинки по запросу "ибн сина глаза"

Картинки по запросу "“Аль-Канун фит-тибб”"

Ибн Синанын бүгүнкү күндө коомчулукка кеңири тараган эң негизги насааты: ден-соолукка алдын ала кам көрүү үчүн тамак-ашты талдай билүү, денени чыңдоо жана тазалыкты сактоо деп баса белгилеген.

*** Денени чыңдоо үчүн көнүгүүлөр ар бир адамдын жашына, дараметине жараша болуу керек.

*** Орто жаштагылар үчүн ат минүүнүн, ал эми жашы өтө баштаса, жөө жүрүүнүн пайдалуулугун, ошондой эле улгайган мезгилде уктап эс алууну, кычкыл, туздуу тамак-ашты азайтып, сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди, айрыкча сарымсакты, кызылчаны ж. б. көбүрөөк колдонуу керектигин айтат.

Чындыгында эле, мындай насааты бүгүнкү күндө да өз маанисин жогото электиги айтпаса да түшүнүктүү.

Бирде өйдө, бирде ылдый болуп, жашоонун ачуу-таттусун көрүп, бирде бийлик башкарып, бирде вазир болуп, бирде зынданга да отурса да, олку-солку жашоодо да ал өзүнүн чыгармачылыгын жана илимий ишин токтоткон эмес.

Тилекке каршы, Авицинанын басып өткөн жолунда сүйүүсү, жубайы тууралуу  бүгүнкү күндө так маалымат жок. Бирок,   дарыгердин китептеринде аялдык сүйүү, махабат жөнүндө  ырлары да бар.

Ибн Сина ашказан оорусуна чалдыгып, 1037-жылы 57 жаш курагында дүйнө салган.

Картинки по запросу "ибн сина памят"

Чыгыштын улуу даанышманы Ибн Сина өмүрүнүн аягында:

Кадимки топурактан, жымыңдашкан жылдызга чейин,
Акылман кеп, ар кыл иштин кымбат сырын аңдадым.
Көп нерсенин сырын ачып, ыпластыктан дайым качып,
Атаганат, өлүмдүн гана түйүнүн такыр чече албадым… – деп, арман кылган экен.

NazarNews: Абу Али  Ибн Сина тууралуу жазууда жалаң фактыларгаа таянып бердик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости