www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ар-намыс” партиясынын мурунку лидери Феликс Кулов, соңку мезгилдердеги Түлеевдердин үй-жайларынын тегерегиндеги болуп жаткан адилетсиз соттук иштер боюнча калыстык оюн билдирди.

“Мен мурун Жогорку Кеңеште фракция лидери болуп турганда, Нариман Түлеевдин конфискациялана турган мүлктөрү боюнча парламенттин трибунасынан чыгып депутаттарга, Башкы прокурорго түшүндүргөм, андан соң Президенттин администрация башчысына кирип айткам жана мамлекет башчынын өзү менен жолугуп ага кайрылып, - сотун өкүмдөрү мыйзамсыз чыгып жатат, адилетсиздикке жол бербеш керек дегем” деп айтты Феликс Кулов.

“Мыйзам боюнча конфискация белгилүү бир кана учурларда жүргүзүлөт, ошол мүлктөр кылмыш жолу менен табылган болсо. Ал эми, Нариман Түлеевдин кандай мүлктөрү алынган жатат? Учурда анын бир туугандарынын, жакындарынын, 1995-жылы салынган атасынын үйү ж.б., бул абдан одоно мыйзам бузуу, мындайды керек болсо 1937-жылы кылган эмес”, деди ал.

Куловдун оюнча, мындай нерсени кылуу туура эмес, соттор жаман жорукту баштап терс прецедент кылып жатышат. Бул кылганды башкаларга карата туурап баштаса эмне болот? Буга жол бербеш керек, эртеңки күнү күнөөсүз адамды, кылмыш иштерине тиешеси жок кишилердин мүлктөрүн рейдердик жол менен басып алууга шарт түзүп берген болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости