www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ишекеев Назаркул Ишекеевич, Жумушчу тобу менен биргеликте кеңири форматтагы  жолугушуу болуп өттү. 

Жолугушуунун негизги максаты мамлекеттик мекемелердеги мамлекеттик тилдин абалы жөнүндө Жумушчу топтун ишинин натыйжалары менен таанышуу жана министрликтеги иш-кагаздардын жүгүртүлүүсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө кеңири маалымат угуу болду.

Жыйынды экономика министри Арзыбек Кожошев ачып, өз сөзүндө бүгүнкү күндө министрликтеги мамлекеттик тилдин абалы жана аны өнүктүрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга токтоло кетүү менен министрликтеги документ жүгүртүүнүн өтө чоң көлөмдө экендигине ошону менен бирге  ички  жана тышкы иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча  аракеттер көрүлүп жаткандыгына токтоло кетти.  

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы бүгүнкү күндө дүйнөдө бир эмес бир нече тилдердин улам жоголуп отуруп өлүү тилге айлануу менен  улуттун жоголуу коркунучуна алып келип жаткандыгын, ошол эле мезгилде кыргыз эли эгемендикке ээ болгондон бери мамлекеттик тилге көңүл бурулуп жатканы менен бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинин кыргыз тили өз жеринде өгөйлөнүп келе жаткандыгына кеңири токтолду. Ошону менен бирге мамлекеттин түпкүлүктүү калкын бул жоопкерчиликти сезе билүүгө чакырды. Мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы бир гана министрликте эмес бардык тармактарда бирдей абалда экендиги, ар бир тармактагы көйгөйлөрдү жеринде  чечүүгө аракеттер жүрүп жатканы менен натыйжа бербей жаткандыгы  тилдин бүгүнкү абалына алып келгендиги жөнүндө токтоло кетти.

Жыйындын жүрүшүндө министрликтеги мамлекеттик тилдин абалы жөнүндө Жумушчу топтун  кеңири отчету угулуп анда келтирилген фактылар жана кириш чыгыш документтеринин бүгүнкү күндөгү абалы бардык министрликтерде окшош экендиги белгилүү болду. Бул жөнүндө жумушчу топтун келтирген фактылары негиз боло алат. 

Жыйындын аягында жумушчу топтун сунуштары менен сын пикирлери угулуп, бүгүнкү күндөгү министрликтеги мамлекеттик тилдин абалын мындан ары өнүгүүсү үчүн мындан ары иш-чаралар белгилене тургандыгы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости