www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги Комиссиянын мурдагы төрага орун басары Гүнтер Ферхойген, Германиянын түрк саясатчыларга киргизген тыюу салууларын жана бөгөт коюуларын демократиялык оюн эрежелерин бузуу жана Германияда жашаган түрк жарандарына акаарат катары көргөнүн айтты.

Анадолу агенттигинин кабарчысынын суроолоруна жооп берген Ферхойген, түрк жарандарынын 16-апрелдеги конституциялык референдумдун алдында эки тараптын аргументтерин угуу акысы болгонун шилтеме кылып: «Бир топ саясатчы, бир гана Германияда эмес, башка өлкөлөрдө да түрк саясатчыларды кааланбаган чет өлкөлүк деп жарыялоо шайлоочуларга жакканын байкашты. Мен муну коркунучтуу мүмкүнчүлүктөн пайдалануу катары караймын»,-деп айтты.

Нидерландиянын премьер-министринин Түркияга карай орой мамилесинин өлкөсүндөгү шайлоо жыйынтыктарын өз пайдасына бурганы жөнүндөгү баа берүүлөрдү бөлүшкөнүн айткан Ферхойген: «Бул мисал, саясий чечимдарге таасир этиш үчүн Вилдерс сыяктуу популисттердин өкмөттө орун алышынын кереги жок экенин көрсөтүүдө. Бул мени чоң кооптонууга түртүүдө. ЕБдеги агрессивдүү национализмди, анын тезис жана программаларын көчүрүп алуу менен жеңишке жетише албайбыз»,-деп айтты.

ЕБ менен Түркиянын ортосунда өткөн жылы болгон "Артка кайтарып алуу" келишиминин, Түркия аркылуу Европага барган баш калкалоочу агымын таасирдүү түрдө токтоткону үчүн, тийиштүү ЕБ өлкөлөрү жагынан бул келишимдин ийгиликтүү болгонун айткан Ферхойген: «Мунун тескерисинче ЕБ, Түркияга берген убадаларынын бир азын гана аткарды. Принцип катары бул келишимди адамзат жагынан туура көрбөгөнүмдү да айткым келет. Адамдар саясий соодалашуунун материалы эмес»,деген серебин салды.

Баш калкалоочу темасынын ЕБ менен Түркиянын карым-катнаштарындагы кризистин жалгыз бир жагы болгонун айткан Ферхойген, аты аталган келишимдин учурдагы кризистин күчөшүнө бөгөт боло албаганын айтты.

Гүнтер Ферхойген: «Жүз миңдеген адамдын Түркияда калбоосу, Жер Ортолук деңизде чөгүшү же грек аралдарында калышы бардыгын дагы да жаман абалга алып келет»,-деди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости