www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге жеткен маалыматтарга караганда сыртта жүргөн экс-депутат Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстанга келээри менен камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу Ак үйдүн 7-кабатында кызуу талкуу болуп жатканын өздүк булактар билдирди. 

Бийлик тараптагылар Садыр Жапаровдун камакка алынышы боюнча эки анжы болуп тургандыгын айтты. Бири “эл менен жолуккандан кийин камакка алалы” десе, андан чоңураагы “Садыр Жапаров Кыргызстанга кирээри менен камакка алынышы керек”, деп каарын салгандар дагы жок эмес экен.

Канткен күндө дагы Садыр Жапаровдун Кыргызстанга келиши, бийликти анча-мынча болсо дагы сестентип жатканын эске салсак. Баса, Россиядан Кыргызстанга бир нече мигранттардын учуп келгени тууралуу маалыматтар эл арасында айтылууда. Ал эми экс-депутат өлкөгө самолет менен эмес, Казакстандын чек арасынан келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости