www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туз-насип буйруптур: Бакиев доорун да көрдүк. Бакиевдерди эбедейим эзилип жактырып, жактап,эсимди жоготкон эмесмин. Бирок адилеттик үчүн айтып коюум керек. Бакиев учурунда 2005-жыл толугу менен митингдер менен коштолгон. 2006-жылы болсо жазгы митингдер, күзгү митингдер, жер-жерлердеги митингдер болуп отуруп, жалпысынан 3 000 ашык митинг болгон. 2007-жылы болсо, оппозиция Ала-Тоо аянтка боз үй тигип, 10 күндөн ашык жатып алышкан.
Азыркылар митингден анча коркушат, билбейм. 25 жылда камалбаган "Конституция атасы" досу тарабынан камалып, түрмөдө жатат. Сырттан эле чоң каржылоо келип, бийликти оодарып жибербесе, азыр олуттуу оппозициялык күч жок.
Ошондо ким көбүрөөк демократ: Бакиевби, азыркыларбы?
Не дедиңиз, Өмүрбек Абдрахманов ава?..
Нургазы Мусаевдин Фейсбук баракчасынан алынды;
Булак: NazarNews.kg