www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки баланын өмүрүн алган Тажикстан борборундагы өспүрүмдөрдүн бычакташуусу боюнча тергөө ушул жылдын июнуна чейин узартылды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасындагы жеке булак билдиргендей, бул иш боюнча жалпысынан 20дан ашык киши кармалды.

Кылмыш иши «адам өлтүрүү» беренеси боюнча каралууда. Маалыматка караганда, мушташтын айрым катышуучулары укук коргоо органдары видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды иликтеп чыккандан кийин табылып кармалышкан.

Тергөө органдарынан кармалгандардын бардыгы тең адвокаттар менен камсыздалганын билдиришти. Жактоочу Абдукаюм Юсуфинин айтымында, алгач ал жактоого алган өспүрүмдөрдүн бири мушташ болуп жаткан маалда жөн гана көчөдө өтүп баратканын жана анын мушташка эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Анын бул айткандарын ата-энеси да ырастаган. Бирок тергөөчүлөр ага видеокөзөмөл камерасындагы жазууну көрсөткөндөн кийин мушташка катышканын моюнуна алууга туура келген.

Ал өспүрүмдүн күнөөсү жок экенин далилдей албай калуу ыктымалдыгы жогору экенин айтып, мушташка катышкандарын бардыгына тең расмий айып тагыларын билдирди.

Өспүрүмдөр арасындагы мушташ 2-январга оогон түнү Дүйшөмбү шаарында болгон. Анын катышуучулары бычактар жана металл союлдар менен куралданышкан. Мушташтын жыйынтыгында эки өспүрүм каза болгон.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости