www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канчалык жашоосунда кыйын күндөр өтсө дагы, баардык тоскоолдуктарды жеңип, жашоосун көркө боегон адамдар аз эмес. Анысы кандай, ийгиликке жетээрине ишенип, чет жердин дамын татып жүргөн кызыбыз Айдана менен маек курдук.  

- Саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

- Менин атым Айдана Айбекова. 1998-жылы 26-мартта Нарын районуна караштуу Куланак айылында туулгам. Абдылда Аралбаев атындагы орто мектепти аяктагам.

- Мектепте окуп жүргөндө кандай жетишкендиктерге жеттиңиз эле?

- Мектепте окуп жүргөндө эле активдүү кыздардан болуп, сабакты жалаң “беш” деген баалар менен бүттүм. Окуу менен биргеликте мектептин парламентинде да иштедим. Жана ошондой эле “Акмарал” бий тобунда дагы бийлеп көп ийгиликтерди жараттым десем болот.  

- Мектепти аяктаган соң, кайсы окуу жайга тапшырдыңыз?

- Мектепти аяктаган соң, “кайсы жакка тапшырсам?”, деп көпкө ойлондум. Биринчи ИИМ академиясына тапшырдым. Ал жакка өткөндөн кийин, үйдө атам каршы чыкты: “кыз кишиге бул кесип туура келбей калат,” деп. Ошол себептен мен ал жактан кайра документтеримди алып кетүүгө туура келди. Андан кийин медициналык академияга тапшырайын десем, “ал жакка акча менен өтөт же болбосо кызыл аттестат керек” дегенинен ал жакка да тапшыра албай калдым. Анан Эл аралык Кувейт университети жөнүндө угуп, ошол жакка барууну чечтим. Кудай жалгап, ал университет менин жашаган үйүмө дагы жакын жайгашкан экен. Бардым да, кесип тандоого келгенде өтө кыйналдым. Менежмент жагына тапшырып өттүм.

Бирок ачыгын айтканда, келечекте кайсы жумуш менен алектенээримди өзүм түшүнгөн жокмун. Бир жыл окуп ал кесип жакпай калды, бир жыл ичинде абдан кыйналдым. Себеби, ал жакта баардыгы арабча болгондуктан, үч жылдын ичинде толук үйрөнө алган жокмун. Менин эмнеге жиним келди? 11 жыл жакшы окуп, ОРТдан жакшы балга жетишип, анан ушул контракка тапшырдымбы деп өзүмдү күнөөлүү сезип, “ата-энемен акча сурабайын” деп кошумча жумуштарда иштеп жүрдүм.

- Чет өлкөгө чыгууңузга ким түрткү берди?

- Менин группалаш кызым бар эле, Айгерим деген. Бир күнү өз сунушун айтып калды. “Чет жерге чыккың келбейби, Германияга бир программа менен кетирип атыптыр, бирок курс окушуң керек экен. Немис тилин үйрөнүшүң керек”, -деди. “Au Piar” деген программа экен. Анан ал айткан курсуна жазылдым. 1000 сом беришим керек эле, менде болгону акыркы 500 сомум бар эле, ошону берип калганын кийинчээрек берейин деп, болбой көгөрүп атып жазылып алдым. Курсту 3 ай окудум.

- Ал жакта экзамен бердиңизби?

- Кийин экзамен тапшырдым. Ал дагы өтө оор болду. Экзамен тапшырганга дагы 5 миң сом акча төлөдүк, анын жыйынтыгы үч күндө чыкты. Үч күн мен үчүн тозокко айланды. Үч күндөн кийин мага өттүң деген кат келди. Алар мага Германиядан үй-бүлөө издей башташты. Бирок мага Россиялык үй-бүлөө туш келди, алар 30 жылдан бери Германияда жашашат экен, Германиянын жарандыгын алышыптыр. 4 баласы бар, күйөөсү абдан жакшы жумушта иштейт, аялы балдары менен үйдө. Ал үй-бүлө мага өтө жакты, адамдарга кылган мамилеси сылык, мага өздөрүнүн кызындай мамиле жасашты. Эң кыйын болгон нерсе виза маселеси болду. Анткени виза тапшырганы барганда консул жок экен, кайра бардым. Алар чакырып экзамен алабыз дешти. Бир немис киши экен, ал суроолорду берди. Мен немис тилин өтө жакшы билем деп айта албайм, бирок билем, анан ал киши менен маектешип бүткөндөн кийин “кете бер, биз сизге чалабыз”, деп койду. Бир жумадан кийин мага чалышты: “визаңызды келип алып кетиңиз” деп. Визаны алгандан кийин, Германияга билет сатып алдым.

- Ата-энеңиз менен коштошуу кыйын болсо керек?

- Атам менен бир туугандарым менен коштошуп кеткенге дагы үлгүргөн жокмун. Нарынга барганга дагы жетишпей калдым.

- Учурдагы жаңылыктарыңыздан бөлүшсөңүз?

- Курска барам, немис тили боюнча. Азыр мен жөн гана тил үйрөнүп, жер көрүп жатам. Келгениме алты айдан ашты, бул алты айдын ичинде Францияга, Италияга, Чехияга, Австрияга бардым. Бул мамлекеттер мага аябай жакты.

- Маегиңизге рахмат!

Маектешкен: Дилде Шатанова

Булак:NazarNews.kg

Последние новости