www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү журналист Эрнис Кыязов учурунда "Багыт" көрсөтүүсү менен элдин оозуна алынган. Катылгандын катыгын берип, океандын ары жагын кылчактап карабай эле чындыкты айтып чыркыратып сүйлөгөн Эрнис Кыязов, ала кушту атынан чакырып, "Арыба, "Азаттык!" деп өзүнүн ачык оюн айтты.

"...ала-була кушту атынан айтуу мезгили келди, достор. “Азаттыктын” чындыктарды айтканы, албетте, маанилүү. Бирок “Азаттыктын” өзүндөгү эл билбеген, билсе да “..башыма балээ үйбөйүн..” деп көбү кол шилтеген көмүскө чындыктардын айтылышы Кыргызстандагы демократиянын келечеги үчүн өтө (!!!) маанилүү. Эмоцияга алдырбай, сергек аң-сезим менен жакшылап көрүп чыксаңар, бүт баары түшүнүктүү болот. Мен жетекчилик кылган Бешинчи каналдагы экс-азаттыкчыларга да тартпай, учурдагы “Азаттыкта” иштеп жаткан азаттыкчы дос-тааныштарыма да тартпай, орток, калыс пикир айтууга аракет кылдым.

Менин субъективдүү көз караштарыма сырттагы адамдар кээси макул болсо, кээси кошулбаганы - кадыресе нерсе, а турсун ушул мени менен кошо иштеп жаткан телеканалдагы айрым кесиптештеримдин арасында да мени менен макул болгондор жана болбогондор болушу толук мүмкүн, бул да нормалдуу эле нерсе. Өзүмдүн Youtube каналыма өзүмдүн жеке байкоолорум, жеке көз караштарым камтылган, эки бөлүктөн турган автордук долбоорумду жарыяладым. Андагы айтылган көз караштар менин жеке, субъективдүү көз карашым, ал – бүтүндөй Бешинчи каналдын позициясын туюнтпайт. Алдын ала баарыңыздарга ырахмат! Урматтоо менен журналист Эрнис Кыяз", -деген пикирин коомчулукка жарыя кылды.

Төмөндө Эрнис Кыязовдун көзүн чекчейтип, эч кимге кыжырын келтирбей эле, терең ойлонуп, толгонуп коомчулукка жарыялаган тасмасына назар салыңыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости