www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ханзада Гарринин колуктусу Меган Маркл менен Испаниянын ханайымы Летициянын кийим-кечеге болгон табити бирдей көрүнөт.
Айтсак, Меган Маркл жакында жолдошу ханзада Гарри менен Лондондо өткөн чоң бир иш чарага барган. Иш чаранын маанилүүлүгү деле экинчи орунга өтүп кетти. Бардыгы Мегандын кызыл түстөгү булгаарыдан тигилген юбкасына көз артышкан. Эң кызыгы, эртеси эле Испаниянын ханайымы Түштүк Кореяга болгон сапары учурунда дал ушундай эле кызыл түстөгү булгаарыдан тигилген юбка кийип барган. Юбка Hugo Boss брендине таандык. Анын баасы 473 долларды түзөт.
Эми интернет колдонуучулары эки таасирдүү үй-бүлө мүчөлөрүнүн кимисине бул юбка көбүрөөк жарашкандыгын салыштырып, баш катырып отурушат. Чындыгында, кимисине көбүрөөк жарышыктуу болгон?
Булак: NazarNews.kg