www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 28-октябрда ЖКнын комитет жыйынында билим берүүнүн отличниги, спортчу депутат Тазабек Икрамов маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловго мурду менен барып бир тийди. Депутат: "Жасанып, таранып келгениңиз эле болбосо, оозуңузга талкан салып алгандай болуп, бир маселе көтөрбөйсүз. Жазуучулар союзунун маселесин чечели деп айтпайсыз. Алып барган ишиңиз боюнча маалымат берип кетсеңиз", -деп сайылды. Короздой кооз кийинген, сулуу чымчык министр Азамат Жамангулов маданият тармагында бардык багыттар боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
"Жазуучулар союзу менен үч-төрт жолу жолугуп, маселесин уктук. Китептерди чыгаруу, каржылоо боюнча маселелери бар. Өкмөттө да бул маселени талкуулаганбыз. Жакынкы арада бардык союздарга акча бөлүнөт. Ушунун алкагында бул маселе чечилет деп ойлойм", - деди.
Эске сала кетсек, өткөн аптада жалпы жыйында депутат Жанар Акаев ИИМге асылып, УКТ менен күрөш токтоп калганын, каралардын баш көтөргөнүн айтып, министрликке сөөмөй кезеген эле. Буга кошумча куюлуштуруп сүйлөгөн депутат Рыскелди Момбеков жол министри Жанат Бейшеновду Суусамыр-Талас-Тараз жолунун создугуп жатканы боюнча жарга такап, жомокчу атаган эле. Келе элек жатып, мектеп фонду боюнча сынга кабылган билим берүү министри Каныбек Исаковдун да абалы анчейин эмес. Саламаттык сактоо министрин сындабаган депутат калган жок. Ушунун баары чогулуп келип өкмөт башчы Абылгазиевге сокку эмей эмне. Ал дагы бир эт эмес же чел эмес бир жан экен. Иштей албаган министрлерди эмне кылат кармап олтуруп? Кетирчүүсүн кетирип, камалчусун каматпайбы? Эркелетип эмне кармап олтурат? -деп "Факты kg" гезити жарыялады.
Булак: NazarNews.kg