www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эне мектеп жашындагы үч баласы менен бирге таштанды челегин аңтарып, бир нерселерди чогултуп жатышат. Жанындагы коляскада дагы кичине кыз бар. Аз убакыт өтпөй тапкан табылгаларына ыраазы боло жөнөп кетишти. Кийген кийимдерине караганда - анча деле жарды үй-бүлөдөй көрүнбөйт.

Мына ушул видеону тартып алып, интернетке жүктөгөн адам видеонун астына: “Якутск шаарындагы көп балалуу үй-бүлө, тамак-аш издешүүдө. Орусиянын алмаздуу борбору! Башкысы Африка элине жардам бергиле, Сирияны калыбына келтиргиле. А биздикилер эч нерсе эмес. Биздин аялдар чыдамкай, төрөгөн соң өздөрү кантип болсо дагы бакканга милдеттүү да”, - деп жазган.

Бул видеого түшүп калган үй-бүлөгө жардам берүүнү каалаган кайдыгер эмес жарандардын саны арбыды. Ошол эле учурда, алар чочко же ит, мышыгына тамак издеп жытышы мүмкүн экенин айткандар дагы бар.

Ал ортодо Якутск шаарынын башчысы Сардана Авксентьева дагы таштандыдан тамак издегендерди издеп табууга тапшырма бергендиги айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости