www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Селфи процессинде өлүм коркунучунун мындан ары да өсө берерин адистер белгилешет. Алардын пикири боюнча, тартуу учурунда кичине эле коркунуч жараткан жерлердин бардыгында сүрөткө түшүүгө тыюу салуу керек. Бирок, смартфондордун өзүнө тыюу салуу керекпи деген да ой келет. Үйлөрдүн балкондору менен чатырларынын бардыгына коргон сала албайсың да, туурабы? Дал ушул "бийиктиктеги иштерде" адамдар мерт болуп жатышпайбы, айрыкча өспүрүмдөр. Өзүңүздөр баа берип көрсөңүздөр:
2017-жылдын июнь айы, Хакасия. Электр подстанциясынын таянычына селфи тартуу үчүн чыккан окуучу жогорку разряддагы токко урунуп өлгөн.
2019-жыл, Чүй областы, Кыргызстан. 16 жаштагы кыз сууга кулап түшүп каза болгон...
Трагедиянын артынан трагедия болууда. Бул аралыкта Россия ички иштер министрлигинин адистери селфини коркунучсуз кандай тартуу керектиги тууралуу китепче жазып чыгарышты. Албетте, бул китепчени окугандар иш жасоодон мурун ойлонот болуш керек. Бирок бүгүнкү күндө китеп окуган адамдарды жолуктуруу түш көргөндөй эле болуп баратпайбы, -деп "Сырдуу дүйнө" гезити жарыялады.
Булак: NazarNews.kg