www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын жараны түтүн чыгаруучу түтүктүн башына тыгылып, каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Каргашалуу окуя, Камбрия графтыгындагы Карлайл шаарчасында болгон. Маркум 90 метрлик түтүктүн башына эмне себеп менен чыккандыгы азырынча белгисиз. Жергиликтүү тургундар ал кишинин түтүккө тепкич менен чыккандыгын, андан соң жардам сурап элге кыйкыргандыгын жана алар дароо куткаруучуларды  чакырышкандыгын  айтышкан. Маркум башы ылдый караган абалда Куткаруу иши 14 саатка созулган жана ага  полиция кызматы, өрт өчүрүүчүлөр, альпинисттер катышып, дрон, тик учак тартылган. Тилекке каршы, куткаруучулар түтүккө кептелип калган 50 жаштагы кишини алып чыгышканы менен, ал ага чейин эле каза болуп калган экен.

Маркум чыга албай калган Диксондун түтүгү – Карлайл шаарынын белгилүү жерлеринин бири. Ал 1836-жылы курулуп, ага архитектор Питер Диксондун аты берилген. Диксондун түтүгү бир бөлүгү болгон фабрика Британиядагы эң ири ишканалардын бири болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости