www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынан гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү 5 млн сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү.

Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү.

Мындан тышкары гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашып, кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Памирлик кыргыздар Кыргыз Республикасынын бийлигине жана элине колдоо көрсөткөнү жана берген жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Экспедициянын мүчөлөрүн Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин, миграциялык кызматтын, Бадахшан провинциясынын жана Вахан районунун администрациясынын өкүлдөрү жана Ооганстандын премьер-министринин этникалык кыргыздар маселеси боюнча кеңешчиси Ажи Махмуд тосуп алды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости